Билим берүү акысындагы жеңилдиктер окуучулардын чыгармачылык демилгесин, билим алуудагы тырышчаактыгын, таанып билүү активдүүлүгүн, лицейдин Уставындагы окуучунун милдеттерин жана ички жүрүм-турум эрежелерин аткаруусун стимулдаштырууга өбөлгө түзөт жана төмөнкү негиздерде берилет:
- кабыл алуу сынактарынын жыйынтыктарынын негизинде эң жогорку балл топтогондорго 100% дан – 10%га чейин берилет;
- лицейдин администрациясы ар бир окуу жылында кабыл алуу сынактан өткөн бир гана тоголок жетим окуучуга 100% жеңилдик бере алат;
- республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө 1- орун – 75%, 2 – орун -50 %, 3-орун -25%;
- эл аралык предметтик олимпиаданын 1-2-3 орунду алган призерлоруна -100%;
- бир үй-бүлөдөн «Сапат» мекемелеринде 2 же андан көп бала окуса ар бир балага -10%;
- келээрки окуу жылынын акысын апрель жана май айында толук жана нак төлөөгөндөргө 5%*. (бул жеңилдик 30%дан көп жеңилдиги болгон окуучуларга берилбейт).
0 Комментариев