Азербайжандын башкалаасы Бакуда информатика боюнча 31-Эларалык олимпиада болуп өттү

Информатика боюнча эл аралык олимпиадага катышкан кыргыз окуучулары 3 коло медалга ээ болушту.

Алар:

Караколдогу Х.Карасаев атындагы лицейдин (11-класс) окуучусу Өмүрбек Жамалов, Кадамжайдагы “Семетей” лицейинин (11-класс) окуучусу Талантбек Жеңишбек уулу, Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин окуучусу (10-класс) Шабдан Батыркулов коло медаль тагынышкан. Ал эми Оштогу “Сема” лицейинин (11-класс) окуучусу Мирбек Бакиров катышкандыгы үчүн атайын диплом жана белек менен сыйланган.

Олимпиада Азербайжандын Баку шаарында өтүп, ага 87 мамлекеттен 331 катышуучу барган. Мелдеш 2 күн болуп катышуучуларга алгоритмдик тапшырмалар берилген.

Командалык эсепте Кыргыз өлкөсү быйыл 40-орунду ээледи. Өткөн жылы 85-орунду камсыздаган.

0 Comments

Submit a Comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *