Достор, информатика боюнча XIV Евразия олимпиадасында жалпы командалык эсеп боюнча Кыргызстандын командасы алтын медалды утуп алуу менен абсолюттук чемпион болду.2022-жылдын 5-декабрь күнү Казакстандын Алматы шаарында информатика боюнча XIV Евразиялык олимпиада болуп өттү. Олимпиада жыл сайын эки тур менен өтөт: тандап алуучу жана жыйынтыктоочу. Олимпиадага 3 окуучу жана 1 жетекчиден турган командалар катыша алат.Тандап алуучу интернет-туру 2022-жылдын ноябрында аяктаган. Командалар аккредитацияланган мугалимдин көзөмөлүндө таймашышты.Быйылкы жылдын Олимпиадасынын жыйынтыктоочу турунда Казакстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан 44 команда, 132 окуучу күч сынашты. Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучуларынан турган команда катышты. Аларды информатика мугалими Урайымов Кылычбек коштоп барды. Жыйынтыгында Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 11-классынын окуучусу Беккоёнов Тенгиз, Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Мундузбаев Айдар, Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Дуйшобаев Нуртилек алтын медалга татыктуу болушту.Окуучулар 12 тапшырманын ичинен 8 тапшырманы чыгаруу менен информатика боюнча ХІII Евразиялык олимпиадасынын абсолюттук чемпиондору болушту.
0 Comments