Келечектеги кесипти тандоо оңой эмес, анткени тандаган кесиптен кийинки турмуш көз каранды. Эгерде сиз 17-18 жашта болсоңуз, анда кесип тандоо эки эсе кыйыныраак.
Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө да жогорку окуу жайларга кабыл алуу мезгили аяктады. Көпчүлүк жаштар келечекте эмне менен алектене турганын аныктап алышты.
Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү да четте калган жок. Андагы акылдуу кыз-жигиттердин көпчүлүгү чет мамлекеттердеги университеттерге өтүштү. Тандалган университеттер дүйнөдөгү мыкты, алдыңкы 100 университеттин катарына кирет. Чет мамлекеттерде болочок кесиптин ээси болуу үчүн окуусун уланта турган «Сапаттын» бүтүрүүчүлөрү мындай ийгиликтерге кантип жетишкенин айтып беришти.
Аида Аскаралиева Кытай Гонконг университетине өттү. Бул жогорку окуу жай дүйнө жүзү боюнча 46-орунда турат.
Бир нече жыл мурун 7-класста окуган Аида Токмоктогу «Үмүт» кыздар лицейине мыктылардын мыктысы болуу үчүн келген. Анын бул максатына ата-энеси көмөктөштү. Ал тырышчаактыгынын, эмгекчилдигинин жана алган билиминин натыйжасында ийгиликке жетишти. Бүгүн ал Кытайдагы Гонконг университетинин биринчи курсунун студенти. Аида өзгөчө адистикти – энергетикадагы инженерия адистигин тандады.
«Келечектеги кесибиң тууралуу мектепти аяктаганга чейин эле ойлоно баштайсың. 9-класстан баштап мындай татаал жолго даярдык башталат», – деди ал.
Окуучуларга көмөк көрсөтүү багытында ар бир мектепте кесип боюнча багыт берүүчү адис – тьютор мугалим бар. Ал ар бир окуучунун күчтүү сапаттары бар экенин жана кандай кесип туура келерин аныктайт. Андан ары окууга өтүү үчүн сынактарга катуу даярдыктар башталат.
«Дал ошол мугалимим мага Гонконгдо билим алууга кеңеш берди, анткени ал жакка бюджеттик негизде окууга өтүү шансы көбүрөөк болчу. Мага абдан күчтүү мотивациялык кат жазууга жана англис тилинен сынак берүүгө жардам беришти», – деп кошумчалады Аида.
Мектептин жардамы менен колдоосу абдан маанилүү. Жогорку окуу жайга өтүүнүн дагы бир маанилүү критерийи социалдык активдүүлүк болду. Олимпиадаларга катышуу, ыктыярчылык жана активдүү коомдук ишмердүүлүк дагы мыкты натыйжаларга жетишүүгө жардам берет.
«Биздин мектеп бул мүмкүнчүлүктөрдү берет. Биз үчүн санааркап, кыялдарыбызга жетүүбүз үчүн колдорунан келгенин жасаган бардык мугалимдерибизге ыраазыбыз», – деп сөзүн бүтүрдү Аида.
Амир Абдрасулов Гонконг шаардык университетине өттү. Бул жогорку окуу жай 49-орунда турат.
Ош «Сема» лицейинин бүтүрүүчүсү Амир Абдрасулов дагы өзүнүн келечектеги кесибин түштүк-чыгыш багыттан тандады. Ал өзүнүн билими жана иштермандыгы үчүн Гонконг шаардык университетинин компьютердик инженерия бөлүмүндө билимин улантууга мүмкүнчүлүк алды.
Амирдин айтымында, бул мыкты университетте окуу үчүн эң маанилүү сынак TOEFL сынагы болду. Мында дагы эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин тьюторлорунун бири жардамга келген.
«Бизде билим алууга мүмкүнчүлүк боло турган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар тууралуу маалымат мектепте окуп жатканыбызда эле берилген. Мен ошондо Гонконгду тандагам. Кыялым орундалышы үчүн англис тилчи мугалимим жана математика мугалимим мени менен абдан олуттуу иштешти», – деген Амир ошол маанилүү учурун айтып берди.
Бир аз убакыттан кийин Амир туулуп-өскөн Ош шаарынан кетет. Бирок ал сөзсүз түрдө өз өлкөсүн өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга кайтып келүүнү каалайт. IT-индустриясындагы өз билимин туулган жеринде иш жүзүндө колдоно аларына ишенет.
Мырзагүл Бекболотова Канададагы Макгилл университетинде билим алат. Бул жогорку окуу жай 32-орунда турат.
«Cambridge Silk Road International School» мектебинин бүтүрүүчүсү Мырзагүл Бекболотова келечекте өзү үчүн татаал, бир кыйла оор, бирок ошол эле учурда кызыктуу жол тандады. Мектептин мыкты бүтүрүүчүсү балдардын онколог доктуру болууну чечти. Ал эми керектүү билимге ээ болуу үчүн жакында Канадага жол тартканы турат. Канадада онкология багытындагы медициналык билим берген Макгилл университети жайгашкан.
«Канада — билим алуу боюнча дүйнөлүк лидер, анын университеттеринин дипломдору менен дүйнөнүн бардык бурчунан билим алууну улантса болот, жана албетте, университет да абдан мыкты. Анын үстүнө ал жерде менин эжем окуйт», – деп болочок окуусу тууралуу Мырзагүл ой бөлүштү.
Онкология менен алектенүү тууралуу ой жакында эле — 1 жылга чукул убакытта пайда болгон. Бул жолго балдардын онкологиялык оорулары тууралуу макала түрткү берди десе болот.
«Мен рак менен ооруган балдардын саны күндөн-күнгө өсүп жатканын окудум. Бул абалды өзгөрткүм келет. Дарыгер болуу үчүн менде баары бар. Ошондуктан акыркы жылы мен болгон дараметимди ошол факультетке өтүү үчүн жумшадым», – деди Мырзагүл.
«Мен мугалимдерим менен кечки саат 21:00гө чейин бирге окудум, курстарга бардым, кыялыма жетүүгө аракет кылдым. Кыялымды ишке ашыруума жардам берген ата-энеме, мугалимдериме ыраазычылык билдирем», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Мырзагүл өз сөзүндө дүйнөнү жакшыртуу үчүн мотивация менен каалоону калыптандырган мектеби экенин белгиледи. Мырзагүл башка мектепте окуса, балким анын тагдыры башкача болмок деп эсептейт.
Мырзагүлдүн келечектеги максаты медицинаны гана изилдөө эмес, Канадада керектүү француз тилин да өздөштүрүү болуп саналат.
Бир нече күндөн кийин 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн ар кыл мамлекеттерине учуп кетишет, бирок алардын орундарын алардан кем калышпаган, азыртадан эле эл аралык олимпиадаларга катышып, болочок карьерасынын пайдубалын түптөй баштаган ини-карындаштары толукташат.
Информатика боюнча эл аралык 31-олимпиадада (IOI-2019) эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин окуучулары 3 коло медалга ээ болушту. Жалпысынан олимпиадага дүйнөнүн 88 мамлекетинен 335 окуучу катышкан. Кыргызстандын командасын «Сапат» билим берүү мекемесинин 4 окуучусу түзгөн.
Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу Өмүрбек Жамалов, Кадамжай «Семетей» лицейинин 11-классынын окуучусу Жеңишбек уулу Талант жана Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу Шабдан Батыркулов коло медалга татыктуу болушту. Ош «Сема» лицейинини 11-классынын окуучусу Мирбек Бакиров катышкандыгы үчүн диплом жана кызыктыруучу сыйлык менен сыйланды.
Бир нече күндөн кийин 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн ар кыл мамлекеттерине учуп кетишет, бирок алардын орундарын алардан кем калышпаган, азыртадан эле эл аралык олимпиадаларга катышып, болочок карьерасынын пайдубалын түптөй баштаган ини-карындаштары толукташат.
Информатика боюнча эл аралык 31-олимпиадада (IOI-2019) эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин окуучулары 3 коло медалга ээ болушту. Жалпысынан олимпиадага дүйнөнүн 88 мамлекетинен 335 окуучу катышкан. Кыргызстандын командасын «Сапат» билим берүү мекемесинин 4 окуучусу түзгөн.
Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу Өмүрбек Жамалов, Кадамжай «Семетей» лицейинин 11-классынын окуучусу Жеңишбек уулу Талант жана Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу Шабдан Батыркулов коло медалга татыктуу болушту. Ош «Сема» лицейинини 11-классынын окуучусу Мирбек Бакиров катышкандыгы үчүн диплом жана кызыктыруучу сыйлык менен сыйланды.
«International Olympiad in Informatics 2019» олимпиадасында даражага кирүү информатика сабагын профилдик предмет катары тандап алган окуучулар үчүн эң жогорку жетишкендик болуп саналат. Бул аянтча дүйнөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
0 Comments