Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин акылуу билим берүү кызмат көрсөтүүдөгү жеңилдиктер жөнүндө Жобосунан айрым беренелер

Билим берүү акысындагы жеңилдиктер окуучулардын чыгармачылык демилгесин, билим алуудагы тырышчаактыгын,  таанып билүү  активдүүлүгүн, лицейдин Уставындагы окуучунун милдеттерин жана ички жүрүм-турум эрежелерин аткаруусун стимулдаштырууга өбөлгө түзөт жана төмөнкү негиздерде берилет:

  • кабыл алуу сынактарынын жыйынтыктарынын негизинде эң жогорку балл топтогондорго 100% дан – 10%га чейин берилет;
  • лицейдин администрациясы ар бир окуу жылында кабыл алуу сынактан өткөн бир гана тоголок жетим окуучуга 100% жеңилдик бере алат;
  • республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө 1- орун – 75%, 2 – орун -50 %, 3-орун -25%;
  • эл аралык предметтик олимпиаданын 1-2-3 орунду алган призерлоруна -100%;
  • бир үй-бүлөдөн «Сапат» мекемелеринде 2 же андан көп бала окуса ар бир балага -10%;
  • келээрки окуу жылынын акысын апрель жана май айында толук жана нак төлөгөндөргө 5%*. (бул жеңилдик 30%дан көп жеңилдиги болгон окуучуларга берилбейт).

0 Comments

Submit a Comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *