Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин окуучулары Лютфи Заде (LZO 2021) атындагы эл аралык олимпиадага катышып, 3 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту.

Олимпиада быйыл 20-25-декабрда онлайн-форматта болуп өттү, анда 18 өлкөдөн окуучулар күч сынашты. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча окуучуларыбыз математика жана информатика боюнча төмөнкүдөй жетишкендиктерге ээ болушту:1. Тилек Аскербеков, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи – күмүш медаль (математика);2. Айдар Мундузбаев, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи – күмүш медаль (информатика);3. Тенгиз Беккоёнов, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи – күмүш медаль (информатика);4. Талгат Бактыбеков, Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи – коло медаль (математика);5. Нуртилек Дүйшөбаев, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи – коло медаль (математика);6. Талант Дыйканбаев, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи – коло медаль; (информатика)7. Бексултан Алмазбеков, Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи – коло медаль (информатика).

0 Comments

Submit a Comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *