2019-жылдын 29-ноябрынан 1-декабрына чейин Казакстандын Алматы шаарында информатика боюнча ХІ Евразиялык олимпиада болуп өттү.
Олимпиада жыл сайын эки тур менен өтөт: тандап алуу жана жыйынтыктоочу. Олимпиадага 3 окуучу жана 1 жетекчиден турган командалар катыша алат. Тандап алуучу интернет-туру 2019-жылдын 27-октябрында аяктаган.
Командалар аккредитацияланган мугалимдин көзөмөлүндө таймашышты. Катышкандардын арасынан 56 команда 13 мүмкүн болгон тапшырманын 4үнөн 10уна чейин аткарууга жетишти.
Быйылкы жылдын Олимпиадасынын жыйынтыктоочу турунда Казакстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан 56 команда, 168 окуучу күч сынашты.
Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучуларынан турган 3 команда Кыргызстандын атынан катышты. Аларды информатика мугалими Урайымов Кылычбек коштоп барды. Эл аралык «Юнайтед Ворлд Интернешнл Скул» мектебинин бүтүрүүчү классынын окуучусу Жамалов Өмүрбек, Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Батыркулов Шабдан, Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу Давлетов Ислам алтын медалга татыктуу болушту.
Окуучулар 6 тапшырманы өз курагындагылардын 90 мүнөт эрте чыгаруу менен информатика боюнча ХІ Евразиялык олимпиадасынын абсолюттук чемпиондору болушту.
Нарын М.Субакожоев атындагы лицейдин 9-классынын окуучусу Бейшекеев Данияр, Токмок Жусуп Баласагын атындагы лицейдин 9-классынын окуучусу Юсупжанов Элдар жана Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейинин 9-классынын окуучусу Дыйканбаев Талант күмүш медаль утуп алышты.
Кадамжай “Семетей” лицейинин 10-классынын окуучусу Дамир уулу Абиль, Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу Шадыбеков Айбек жана Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу коло медалга татыктуу болушту.
0 Comments