Румыниянын Бухарест шаарында быйылкы жылдын 15-17-декабрь (2021) күндөрү онлайн форматта өткөн IX эл аралык информатика олимпиадасында (9th Romanian Master of informatics, RMI 2021) кыргызстандык окуучулар 2 күмүш медалга ээ болушту. Мелдеште 10 өлкөдөн 237 окуучу ат салышты. Бул олимпиадада Кыргызстандын атынан ар кайсы мектептерден 20 окуучу катышты. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 10-класстын окуучулары Мундузбаев Айдар (Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи) жана Беккоёнов Тенгиз (Жалал-Абад Курманбек баатыр атындагы лицей) күмүш медалдарга ээ болушту.
0 Comments