“Мегаполис” олимпиадасында окуучуларыбыз 4 коло медалга ээ болушту.

2021-жылдын 6-13-декабрь күндөрү Москва шаарында уюштурулган 6 – Мегаполис олимпиадасы болуп өттү. Бул олимпиадага математика, физика, химия жана информатика предметтери боюнча жалпы 28 өлкөдөн 280 окуучу катышты. Кыргызстандын атынан ар кайсы мектептерден Бишкек жана Ош шаарынан 2 команда түзүлдү. Бишкек командасы №61физика-математикалык окуу комплексинин, №70 окуу-тарбия комплексинин жана Газпром мектебинин окуучуларынан түзүлгөн. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары Ош шаарынын командасынын атынан катышышты. Жыйынтыгында Ч. Айтматов лицейинин 11-классынын окуучусу Тилек Аскербеков математика сабагынан, Х. Карасаев лицейинин 11-классынын окуучусу Азамат Саламатов химия сабагынан, Ч. Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу Мундузбаев Айдар жана Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 10-классынын окуучусу Беккоенов Тенгиз информатика сабагынан коло медалга ээ болушту.Командалык жыйынтыкта Ош шаарынын командасы 3-орунду камсыздады жана блиц-турдун жыйындыгында Ош шаарынын командасы prize-winner ге ээ болушту.

0 Comments

Submit a Comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *