Олимпиада Санкт-Петербург, Барнаул, Алматы жана башка шаарларда 2021-жылдын 12-декабрь күнү болуп өттү. Олимпиадага КМШ өлкөлөрүнүн 54 шаарынан 900гө жакын окуучу катышкан.Кыргызстандын курама командасындагы Бишкек шаарынын Ч.Айтматов атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу Мундузбаев Айдар, Нарын шаарынын М.Субакожоев атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Бейшекеев Данияр жана Жалал-Абад шаарынын Курманбек баатыр атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу Беккоёнов Тенгиз коло медалга ээ болушту. Окуучуларыбызды жана мугалимдерибизди куттуктайбыз!
0 Comments