Президентибиз Сооронбай Жээнбеков ЖРТда жогорку бааларды алган бүтүрүүчүлөргө сыйлыктарын ыйгарды

2019-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ЖРТ сынагынан алтын сертификат алган окуучуларды сыйлады.

Алтын сертификат алган (219 баллдан жогору) бүтүрүүчүлөрдөн тышкары Кыргызстан боюнча жогорку балл алган (210 – 218 балл) 15 окуучу Ардак грамотасы, 10 миң сом жана смартфон менен сыйланды. 15 окуучунун 4 окуучусу биздин Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү: Тахмина Жумакова – З. Бектенов атындагы Ысык-Көл лицейи (219 балл), Актан Асанкулов – М. Субакожоева атындагы Нарын лицейи (217 балл), Айпери Аскарбек кызы – З. Бектенов атындагы Ысык-Көл лицейи (219 балл) и Улук Урматбеков –Ж. Баласагын атындагы Токмок лицейи (217 балл) .

Маалымат катары: Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин 18 окуучусу ЖРТ сынагынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку баллдарга ээ болуп алтын сертификат алышты.

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин жалпы 22 бүтүрүүчүсү Президент Сооронбай Жээнбековдун колунан сыйлыктарды алышты.

Для информации: 18 учеников Международного образовательного учреждения “Сапат” по результатам ОРТ получили “золотые сертификаты”.

Всего 22 выпускников Международного образовательного учреждения “Сапат” получили награду из рук Президента Сооронбая Жээнбекова.

0 Comments

Submit a Comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *