Өлкөдөгү окуучулардын математика cабагына болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле түрдүү интеллектуалдык таймаштардын ар кандай түрлөрүн өркүндөтүү, өзгөчө шыктуу окуучуларды таап чыгуу жана аларга андан ары да колдоо көрсөтүүгө шарт түзүү максатында “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен жалпы орто билим берүү мектептериндеги 6-класстагы окуучулардын арасында математика сабагы боюнча олимпиадасын уюштурууда.
Олимпиада 5 – 6 – класстын математика сабагы боюнча окуу программаларынын негизинде өткөрүлүп, 3 баскычтан турат.
АКМО нун эки баскычы болуп өттү: I-баскыч, райондук – 2019-жылдын 2-мартында жана II-баскыч, областтык – 2019-жылдын 30-мартында.
III Республикалык жыйынтыктоочу баскыч 2019-жылдын 4-майында Бишкек шаарындагы “Айчүрөк” Бишкек лицейинде өткөрүлөт. Республикалык баскычына катышууга II-баскыч олимпиадаларынан байгелүү 1,2,3-орундарды ээлеген, 3 окуучуну камтыган областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын командалары катышат.
Республикалык жыйынтыктоочу баскычка катышуу жөнүндө билдирме төмөнкүдөй формада толтурулат: катышуучунун аты-жөнү, окуган мектебинин аталышы, областы, району, кайсы тилде окугандыгы жана сабак берген мугалиминин аты-жөнү.
6-класстагы окуучулардын арасында математика сабагы боюнча Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты 2019-жылдын 4-майында Айчүрөк” Бишкек лицейинде өткөрүлөт
1 – орунду ээлеген окуучуга I-даражадагы диплом жана ноутбук, Мугалимине 10000 сом.
2 – орунду ээлеген окуучуга II-даражадагы диплом жана ноутбук, Мугалимине 8000 сом.
3 – орунду ээлеген окуучуга III-даражадагы диплом жана планшет, Мугалимине 6000 сом.
Жогорудагы үч окуучунун мектебине лазердик принтер берилет;
Олимпиаданын III баскычынын бардык катышуучуларына грамота жана белектер менен сыйланышат.
0 Comments