Илимий–методикалык борбор
Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин билим берүү сапатын жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, сабакты өтүүнүн жаңы методикаларын киргизүү, жылдык календардык пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү, мугалимдерге ар дайым методикалык жардам көрсөтүү жана окутуу семинарларды уюштуруу, окуучуларга арналган конкурстарды жана чейректик сынактарын өткөрүү, ошондой эле предметтик мониторинг жүргүзүү иштерин алып барат.
Методикалык күндөр
Ар бир окуу жылынын башында Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин окуу жайлары үчүн академиялык календарь түзүлөт. Бул календарда жыл бою окуу тарбия процессинде камтылган бардык иш-чаралар көргөзүлөт. Алар: чейректик жана олимпиадага даярдоо сынактары, мугалимдер үчүн сынактар, предметтик жумалыктар, каникулдар жана окуу жайлардагы методикалык күндөр.
Методикалык күндөрдүн негизги максаты – жалпы окуу тарбия процесси менен таанышуу, мугалимдерге методикалык жардам көрсөтүү, мугалимдердин сабагына катышуу, аларга анализ берүү, сабак өтүүнүн этаптарын талдоо, анкета жүргүзүү болуп саналат.
Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстары
Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин мугалимдери кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарынан, предметтик кафедралардын жетекчилиги алдында үзгүлтүксүз билимин жогорулатуу программалары боюнча семинарлардан өтүп турушат, ошону менен бирге өз алдынча өнүгүү программаларынын үстүндө иштешет.
Илимий-методикалык борбор “Жаш мугалимдер мектеби” ишин алып барат. Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинде эмгектенген 1-3 жылга чейинки мугалимдерди 3 жыл бою атайын семинар окутуулардан өткөрүп, ийгиликтүү аяктагандарга атайын сертификат берилет.
Предметтик жумалыктар
Академиялык календарда көргөзүлгөн мөөнөттөрдө предметтик жумалыктар өтөт. Жумалыктарда: ачык сабактар, конкурстар, дубал гезиттер, оюн-зоок программалары уюштурулат.
Маалыматтык технологиялар (МТ)
Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинде кафедра башчылары мугалимдердин МТ колдонуусуна багыт берет. Интерактивдүү такталардын колдонулушу, интернет, методикалык иштелмелерди даярдоо ж.б.
Илимий – методикалык борбордун эң негизги максаты – ар бир мугалимдин чыгармачыл, интеллектуалдык, профессионалдык дараметин ишке ашырууга шарт түзүү жана билим берүү процессинин ар тараптуу өнүгүүсүн жакшыртуу болуп саналат.
0 Comments