Республикалык олимпиаданы 2 жолу жеңген Өмүрбек Азербайжанда коло медаль тагынды

Азербайжандын Баку шаарында информатика боюнча өткөрүлгөн 31-дүйнөлүк олимпиадада Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Өмүрбек Жамалов коло медалдын ээси болду.

Бул тууралуу аталган лицейден билдиришти.

Буга чейин Өмүрбек республикалык олимпиадада информатика сабагы боюнча 1-орунду багындырып, дүйнөлүк олимпиадаларда да алдыңкы орундарды камсыздап келген. Казакстандагы эл аралык Жаутыков олимпиадасында 10-классында коло медаль, 11-класста күмүш медаль, Россиядан коло медаль, мектеп окуучуларынын евразиялык олимпиадасында күмүш медаль алып, Японияда өткөн дүйнөлүк олимпиададан байгелүү кайткан.

0 Comments

Submit a Comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *