“Дамас” мейманканасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилиги тарабынан уюштурулган иш-чара болуп өттү. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин жетекчилиги, мугалимдери жана эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгон 18 окуучубуз Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланды.
0 Comments