«Сапат» билим берүү мекемеси Кыргызстанда жана Борбордук Азияда Оксфорддук сынактарды кабыл алуу боюнча расмий тест-борбору деген статуска ээ болду

Сүйүнчү! Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси Кыргызстанда жана Борбордук Азияда Оксфорддук сынактарды кабыл алуу боюнча расмий тест-борбору деген статуска ээ болду. Эми окуучулар менен мугалимдер англис тили боюнча Оксфорддук сынактарды биздин Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинде тапшыра алышат.
Oxford Test of English – Англис тили боюнча Оксфорддук тест – бул Oxford University Press басмаканасы тарабынан иштелип чыккан жана тилдер боюнча жалпы европалык ориентирге шайкеш келүүчү англис тилин билүүнүн жалпы деңгээлин аныктооочу тест.
Жаңы окуу жылына жаңы жеңиштер менен!

P.S. Мартин Кертис – Oxford University Press басмаканасынын Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш боюнча регионалдык менеджери, Нурлан Кудайбердиев – Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин башкы директору, Аида Ишенбаева – Oxford University Press басмаканасынын Борбордук Азиядагы билим берүү боюнча башкы кеңешчиси.

0 Comments

Submit a Comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *