“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары Эл аралык физика олимпиадасында 2 коло медалга жана 2 кызыктыруучу сыйлыкка ээ болушту. (Belarusian Open Physics Olympiad 2022)

Физика боюнча Эл аралык Belarusian Open Physics Oympiad олимпиадасы 2022-жылдын 20-26 ноябрь күндөрүндө Беларусь өлкөсүндө онлайн түрүндө өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 9 өлкөсүнөн 100дөн ашык окуучу катышты. Натыйжасында, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучулары Бектур Баратали менен Атай Турдукеев коло медалга ээ болушту. Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 9-классынын окуучусу Иса Мамытов менен Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 9-классынын окуучусу Атай Озокеев кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

0 Comments

Submit a Comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *