Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилеринин Испаниянын Мадрид шаарына иш сапары.

Үстүбүздөгү жылдын 10-12-ноябрында “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилери Испаниянын Мадрид шаарына иш сапары менен барып келишти. Бул сапардын максаты Испаниядагы эл аралык мектептер менен жакындан таанышуу, алардын билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча тажрыйбасынан пайдалануу, кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө болгон.Сапар учурунда билим берүү мекемебиздин өкүлдөрү эң башта Мадриддеги Thames British School мектебинин жетекчилиги тарабынан даярдалган семинарга катышышты. Анда аты аталган мектептин билим берүү жараяны менен жакындан таанышып, Кембридж эл аралык билим берүү программаларынын ишке ашырылышы, бул программанын артыкчылыктары, бүтүрүүчүлөрдүн жогорку окуу жайларда билим алуусун улантуу үчүн түзгөн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле бул семинардын алкагында аты аталган мектептин билим берүү бөлүмүнүн башчысы Alex Martinez мектепте ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан программалардын бири “Student Safeguarding” жөнүндө кеңири маалымат берди. “Student Safeguarding” программасынынын максаты окуучулардын жайлуу, дени сак жана бактылуу өсүшүнө кам көрүү жана көмөк көрсөтүү болуп саналат. Бул программанын милдеттери: 1. Балдарды катаал мамиледен коргоо;2. Балдардын психикалык жана физикалык саламаттыгындагы же өнүгүүсүндөгү мүчүлүштүктөрдүн алдын алуу;3. Балдардын коопсуз жана натыйжалуу кам көрүүгө ылайыктуу шарттарда чоңоюшун камсыз кылуу;4. Ар бир баланын эң жакшы жетишкендиктерге ээ болушу үчүн чара көрүү. Ошол эле семинарда мектептин IBDP координатору Gareth Finn жаңы ишке киргизилип жаткан International Baccalaureate Diploma Programme окуу программасы менен тааныштырды. Анда бул окуу программасынын окуучулардын изденүүчү аң-сезимин өстүрүүчү, алардын окууга болгон каалоосун өрчүтүүчү жана карьерасында ийгиликке жетип, маңыздуу жашоого багыт берүүчү даяр окутуу системасы болгондугу тууралуу кеңири айтып берди.Иш сапарынын экинчи күнү Мадриддеги Collegio Zola мектебинде өттү. Collegio Zola билим берүү модели бул креативдүү, сынчыл ой жүгүрткөн, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө жана адилеттүү коомду курууга ишенген, ошондой эле өзгөрүп жаткан глобалдык чөйрөгө ыңгайлашууга жөндөмдүү инсандарды тарбиялоо болуп саналат. Сапардын үчүнчү күнүндө Испанияда британдык билим берүү программаларынын ишке ашырууда, англис тилдүү эл аралык мектептердин ачылышына чоң салым кошкон агартуучу John Carrivick менен жолугушуу болду. Ал Испанияда 40 жылдан ашык жашап, Мадриддеги British Council кеңсесинде 33 жыл эмгектенген. Анын көп жылдык эмгек жолу Испаниядагы британ мектептерине кеңеш берүү, Испаниянын улуттук жана аймактык бийликтери жана Британиянын Билим берүү департаменти менен бирге аттестация, сертификация, квалификациялардын эквиваленттүүлүгү жана балдарды коргоо менен тыгыз байланышта болгон. John Carrivick учурда британиялык билим берүү программалары боюнча консультант болуп иштейт, ал бир нече мектептердин башкаруучу директору болуу менен бирге, британ мектептеринин эл аралык тармагынын консультациялык кеңешинде кызмат кылат. Анын Испанияда квалификацияларды таануу боюнча британдык сынак комиссиясында тажрыйбасы зор, 2018-жылдан тартып Thames British School мектебинин башкаруу кеңешининин мүчөсү. Мекемебиздин жетекчилери биздин билим берүү моделибизге ырааттуу өзгөрүүлөрдү алып келүүгө шыктандырчу дем-күч менен мекенибизге кайтып келишти.

0 Comments

Submit a Comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *