“Сапат”лицейлерине кирүү сынактары

Кыргызстандын ар бир булуң бурчунан сапаттуу билим алууну каалаган окуучулар Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерин тандашат.

2022-жылдын 4-20-апрелинде республиканын бардык облустарында Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерине 6-класстын окуучуларын кабыл алуу сынагы башталат. Аталган сынак 2 турдан турат.

1-тур: тийиштүү райондор менен шаарларда онлайн же оффлайн режимде өтө турган сынак. 6-класстын программасынын негизинде даярдалган суроо китепчесинде 50 суроо берилет, суроолор кыргыз/орус тилдүү класстарга жараша түзүлөт жана төмөндөгү предметтерди камтыйт:

Математика – 20 суроо

Кыргыз тили, орус тили – 10 суроо

Тарых – 4 суроо

География – 4 суроо

Биология – 4 суроо

Англис тили – 8 суроо

Оффлайн сынак учурунда окуучуларга атайын суроо китепчелери таратылып берилет.

Көңүл бургула! Ар бир облуста кирүү сынактардын күнү жана сааты , ошондой эле өткөрүү түрү (онлайн же оффлайн) айырмаланат. (ар бир облустун кирүү сынактарынын графигин жана лиейлерибиздин байланыш телефондорун караңыз).

Сынактын 2-туру тууралуу маалымат кийин кошумча берилет.

0 Comments

Submit a Comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *