XVII Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадада окуучуларыбыз 7 коло медалга ээ болушту.

2020-жылдын 8-13-январь күндөрү математика, информатика жана физика сабактары боюнча XVII Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадасы онлайн форматта болуп өттү. Аталган олимпиадага 20 өлкөдөн 1006 дөн ашык окуучу катышты. Кыргызстандын командасы 40 окуучудан түзүлүп, анын ичине Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин 15 окуучусу кирди.

Тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча “Сапаттын” окуучулары төмөндөгүдөй жетишкендиктерди көрсөтүштү: 
          Математика  – Ош “Сема” лицейинин 11-классынын окуучусу Апиев Эрдан, жана Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Аскербеков Тилек коло медалга ээ болушту.
          Информатика – Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучулары  Давлетов Ислам, Айдаров Артур жана 10-классынын окуучусу Дыйканбаев Талант, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Бейшекеев Данияр жана И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин 10-классынын окуучусу Алмазбеков Бексултан коло медалга ээ болушту.
         

Бул олимпиада 2005-жылдын январь айынан тартып 15 мамлекеттин арасында өтүп келет. Негизги максаты – физика, математика жана информатика илимдерин пропагандалоо, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле талантуу жаштарды ачуу, маалыматтык технологияны өнүктүрүү жана маалыматтык маданиятты жогорулатуу болуп эсептелет.



0 Comments

Submit a Comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *