0312 611 362, 0550 049 050, 0770 049 050

“Мыкты мугалим”

«Сапат» Билим берүү мекемесинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 01-31/198 сураныч катынын негизинде 2022-жылдын 30-31 – мартында, 1 – апрелинде Бишкек шаарында, жогоруда аты аталган мекеменин уюшулгандыгынын 30 жылдыгына арналган  гуманитардык циклдеги предметтерди окутуучу мугалимдер арасында  “Мыкты мугалим” сынагынын калыстар тобунун төрайымы катары КР  БбИМнин алдындагы РПККЖ КДИнун 2022-жылдын 28 – мартындагы №0235/34 буйругу менен иш сапарга жиберилген ТИМБб кафедрасынын башчысы, профессордун милдетин аткаруучу, п.и.д. Б.М. Кособаеванын аткарган иштери боюнча

ОТЧЁТУ

          “Мыкты мугалим” сынагынын гуманитардык циклинин Республикалык туру “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемесинин Бишкек “Айчүрөк” лицейинде 30.03 2022- 01.04.2022, үч күн катары өткөрүлдү.

Калыстар тобу:

  1. Токтомаметов Алмаз Даткабекович – калыстар тобунун төрагасы, КР ББИМнин алдындагы РПККЖ жана КДИнун директору, п.и.к.;
  2. Кособаева Бакдөлөт Махмудовна – калыстар тобунун төрагасынын орун басары, КР ББИМнин алдындагы РПККЖ жана КДИнун ТИМБб кафедрасынын башчысы, профессордун милдетин аткаруучу, п.и.д.;
  3. Батыркулова Айгуль Бекмурзаевна – КББАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү лабораториясынын башчысы, п.и.к.;
  4. Алмурзаева Саадат Акматбековна – Көп тилдүү билим берүү лабораториясынын жетектөөчү илимий адиси;
  5. Азимова Матлюба Латыповна — КР ББИМнин алдындагы РПККЖ жана КДИнун Педагогика жана психология кафедрасынын тарых боюнча ага окутуучусу;
  6. Сатышева Элмира Жумабековна – Бишкек мериясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын методисти.

30 – март сынактын биринчи күнүндө, катышуучу 16 мугалимдин ар бири 25 минута ичинде локалдык педагогикалык тажрыйбаларын, өздөрүнүн кесиптик иш аракетиндеги инновациялык идеяларын аныктоо, колдонуу жана рефлексиялоо билгичтиктерин слайддар, айрымдары буклеттер менен негиздешти, мастер-класс өткөрүштү.

          Ал эми калыстар тобу мугалимдердин презентацияларын, “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемесинин сынакты өткөрүү боюнча уюштруучулар тобу тарабынан иштелип чыккан  төмөнкү критериялар боюнча баалашты:

  1. Теманы тандоонун актуалдуулугу жана маанилүүлүгү;
  2. Мазмундун оригиналдуулугу жана мастер-класс өткөрүүнүн оригиналдуулугу;
  3. Өзүнүн кесиптик иш-аракетиндеги инновациялык идеяларды анализдөө, жалпылоо, табуу жана колдонуу билгичтиктери;
  4. Эл алдына чыгып сүйлөө маданияты, эрудициясы;
  5. Перезентациясы;
  6. Регламентти сактоосу.

31 – март, сынактын экинчи күнүндө, катышуучу 16 мугалимдин ар бири өз предметтери боюнча 30 минута убакыт ичинде сабактын фрагментин өткөрүштү. Сабактарга “Айчүрөк” кыздар лицейинин окуучулары катышышты. Сабактардын фрагменттерине байкоо жүргүзүү, “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемесинин сынакты өткөрүү боюнча уюштруучулар тобу тарабынан иштелип чыккан  төмөнкү критериялар боюнча ишке ашырылды:    1.Сабактын максаттарын коюу;

2. Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо;

3. Баалоонун критерийлери;

4. Кайтарым байланыштын болушу жана сапаты;

5. Сабактын натыйжалуулугу (максаттарга жетишүү);

6. Педагогдун маалыматтарды ар кандай булактардан колдонушу;

7. Окутуунун активдүү методдорунун жана ыкмаларынын түрлөрүн колдонушу;

8. Окутууда дифференцирленген ыкманы колдонушу;

9. Компетенттүүлүктү жана компетенцияларды  калыптандыруучу технологияларды колдонушу;

10. МКТ (ИКТ)  колдонуу жана маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу;

11. Бардык окуучулар үчүн жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүү;

12. Окуучулардын жеке кардарлыгын эске алуу менен бирдей мүмкүнчүлүктөр чөйрөсүн түзүү;

13. Окуучулардын  өз алдынчалыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

          Сынактын калыстар тобунун ишине жардам иретинде: а) “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемесинин сынакты өткөрүү боюнча уюштруучулар тобу тарабынан иштелип чыккан күтүлүүчү натыйжалар көрсөтүлгөн  сабакка байкоо жүргүзүүнүн формасы берилди;

б) формада мугалимдин мазмунду тандоо жана конструкциялоо, ошондой эле активдүү окутуу, окуучулардын өзөштүрүүсүнө жетишүү методдоруна ээ болуусу каралган;

в) бардык окуучулар үчүн мотивациялык билим берүү чөйрөсүн түзүү каралган.

Гуманитардык циклдеги предметтерди окуткан 16 мугалим сынакка катышышты. Алар төмөнкүлөр:

  1. Бахавадинова М.А. – учитель руск. языка и лит. в русскяз. классах. 8-кл. с русск. языком обучения. Жалал-Абадский лицей им. Курманбек Баатыра.
  2. Момункулова Ж.Б. – учитель Кырг.яз и лит.(кырг.язычных кл.) 10-кл.(кыр.язычн.). Таласский лицей “Манас Ата”.
  3. Оморова М.С. –учитель Географии. 8-класс (к). Общеобразвательный лицей имени Жайыл Баатыра.
  4. Суюнова А.А. —  учитель Кырг.яз и лит.(кырг.язычных кл.) 7-кл.(кыр.язычн.).  Кызыл-Кийский лицей имени И.Раззакова.
  5. Ойчиева Э.А. – учитель истории. 7-класс (р). Ошский лицей им. Курманжан Датки.
  6. Мелисова А.М.- учитель географии. 7-класс (к). Таласский учебно-воспитательный комплекс-лицей “Мээрим”.
  7. Үсөн к Мээрим — учитель Кырг.яз и лит.(кырг.язычных кл.) 10-кл.(к). Иссык-Кульский лицей имени Х.Карасаева.
  8. Мадиева С.С. учитель истории (в кырг.язычных кл.)  9-кл.(к). Нарынский лицей им. М.Субакожоева.
  9. Тешебаева Г.К. — учитель Кырг.яз и лит.(в русск.язычных кл.). 9-кл.(Р). Кадамжайский лицей “Семетей”.
  10. Моңолдорова А.Р. —  учитель истории (в русск.язычных кл.) . 9-кл.(р). Бишкекский лицей “Айчүрөк”.
  11.  Султаналдиева Э.С. —  учитель Кырг.яз и лит.(в русск.язычных кл.). 8-кл.(Р).  Иссык-Кульский женский лицей имени З.Бектенова.
  12.  Ешимбекова А.Ч.- – учитель руск. языка и лит. в русскяз. Классах. 10-кл.(р). Общеобразовательный Токмокский лицей “Үмүт”.
  13.  Кошуева Д.Б.- учитель Кырг.яз и лит.(в русск.язычных кл.). 7-кл.(р). Ошский лицей “Сема”.
  14.  Исакеева Н.Б. —   учитель Кырг.яз и лит.(в русск.язычных кл.). 8-кл. (р). Токмокский лицей им. Ж.Баласагына.
  15.  Таштанбекова Н.Т. — учитель истории. 7-класс (р). Бишкекский лицей им. Ч. Айтматова.
  16.  Арзиева С.Ж. — учитель Кырг.яз и лит.(кырг.язычных кл.) 7-кл.(к). Жалал-Абадский женский лицей имени З.Нурматовой.

Сынакка катышкандардан  7 мугалим кыргыз тилинде, 9 мугалим орус тилинде   презентация, мастер-класс жана сабактарын өткөрүштү. Бардыгы сынактын тапшырмаларына эң жогорку деңгээлде даярданышкан. Өздөрү жөнүндөгү презентацияларды өтө кызыктуу бере алышты. Сынактын катышуучуларынын ар бири өздөрү окуткан предметтер боюнча окуу материалдарын жакшы билишээри байкалды, окутуу методдорун, технологияларын жакшы өздөштүрүшкөн, аларды окутуу каражаттары менен айкалыштыруу билгичтиктерине ээ экендиктерин көрсөтө алышты. МКТ (ИКТ) эң жогорку деңгээлде колдоно алышты. Сүйлөө кептери (речи) жакшы өрчүгөн. Коммуникативдик компетенциялары калыптанган. Кыймыл аракеттери, өздөрүн аудиторияда алып жүрүүсү өтө жагымдуу. Класстагы окуучулар менен кайтарым байланыш түзө алышты. Окуучулар менен аңгеме методу аркылуу, алардын билген билимдерине таянуу менен жаңы материалдарды жеткиликтүү, логикалык иреттүүлүктө бере алышты. Сабакта окутуу методдорун айкалыштырып колдоно алышат. Сынакка катышкандардын ээлеген ордулары, алардын үч күн ичинде топтогон баллдарынын суммасын градациялоо аркылуу аныкталды. Натыйжада:

1-орунга 1-даражадагы диплом, 50000сом;

2-орунга 2-даражадагы диплом, 40000сом;

3-орунга 3-даражадагы диплом, 30000сом акчалай сыйлыктар берилди.

Ал эми калган катышуучулардын бардыгына дипломдор жана 10000 сом акчалай сыйлык берилери айтылды.

Сынактын иши жана сыйлоо салтанаты эң жогорку деңгээлде даярдалып, эң жакшы маанайда өткөрүлдү.

Кошумча маалымат: Сынактын экинчикүнү Чынгыз Айтматов атындагы лицейде өткөрүлүп жаткан табигый илимдер цикли боюнча сынактын катышуучусу И. Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин химия мугалими Жекшембиев Канат Тынчтыкбековичтин сабагына катыштым. Металлдардын коррозиясы темасы өтүлдү. Мугалим окуу материалын жакшы билет. Окуучуларга жеткиликтүү түшундүрө алат. Билингвалык окутууну колдоно билет. Сабакты негизинен англис тилинде өтөт, ошол эле убакта керектүү учурда орус жана кыргыз тилинде түшундүрмө берип жатты. Класстагы окуучулар менен жакшы контактта болду. Окуучулардын билимдерине таяна алат, методдорду айкалыштыра алат. Электрондук досканы колдоно билет. Предмет аралык байланышты ишке ашыра алат. Окуучулардын физикадан алган билимдерине таянуу менен электролиздин негизинде гальваникалык элементти, анод, катод жөнүндө жеткиликтүү түшүндүрө алды. Натыйжада окуучулар металлдардын коррозиясы темасына камтылган түшүнүктөрдү жеткиликтүү өздөштүрүштү. Сабакты өткөрүүгө байкоо жүргүүзүүдө көрсөтүлгөн 13 талаптардын ичинен 9 талапты жогорку деңгээлде ишке ашырды. Алар төмөнкүлөр: 1. Сабактын максаттарын коюу; 2. Кайтарым байланыш; 3. Трдүү булактардын колдонулушу; 4. Активдүү окутуу методдорун жана ыкмаларын колдонуу; 5. Дифференцирлөө менен окутуу; 6. МКТ (ИКТ) жана маалыматтык компетенттүүлүк: 7. Окуу чөйрөсүн түзүү; 8. Окуучулардын кардарлыгын эске алуу, бирдей мүмкүнчүлүк түзүү; 9. Окуучулардын өз алдынчалыгын өнүктүрүү. Натыйжада Жекшембиев Канат Тынчтыкбекович көрсөтүлгөн 9 параметр боюнча жогорку баллдарга ээ болду.

Отчетту даярдаган:  Кособаева Б. М. – калыстар тобунун төрагасынын орун басары, КР ББИМнин алдындагы РПККЖ жана КДИнун ТИМБб кафедрасынын башчысы, профессордун милдетин аткаруучу, педагогика илимдеринин доктору.

0 Комментариев

Оставить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *