6-июль “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси үчүн өзгөчө маанилүү күн болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча “алтын сертификаттардын” ээлерин куттуктап, эстелик белектери менен сыйлады. Алардын арасында мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн окуучуларыбыз дагы бар. Бул күн жаркыраган көз ирмемдер менен сыймыктанууга толгон күн бойдон эсте калат.
Ошол эле күнү “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Нурлан Кудайбердиев ЖРТ боюнча жогорку натыйжаларды көрсөткөн окуучулар жана “алтын сертификаттардын” ээлери менен жолугушту. Университеттерге тапшыруу сыяктуу маселелер талкууланган жылуу маанайга толгон баарлашуу болду. “Сапаттын” бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын гана эмес, бүткүл дүйнөнүн мыкты окуу жайларын тандоо артыкчылыгына ээ.
0 Comments