Бүтүрүүчүлөргө

Башкы бет / Бүтүрүүчүлөргө

“Сапаттын” сыйлыгы да, сыймыгы да – бүтүрүүчүлөрү. 1996-жылдан бери лицейлерди 15820 окуучу бүтүргөн. Алар жогорку билим алышкан соң, Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик кызматтарда жана өлкөнүн экономикасынын курулуш, энергетика, айыл чарба, жеңил өнөр-жай тармактарында алдыңкы ишкерлердин катарын толукташты. Бүтүрүүчүлөрүбүз дүйнө жүзүнө белгилүү болгон Microsoft, Samsung, Nestle, Google жана башка компанияларында эмгектенишет.  

Лицейлерди аяктаган 292 бүтүрүүчү педагогикалык кесиптерге ээ болуп, “Сапат” лицейлеринде мугалимдик кесипти аркалап жаткандыктары кубандырбай койбойт. Бүтүрүүчүлөрдүн 60%ы Кыргызстанда жана 40%ы чет мамлекеттерде жогорку билим алып жатышат.  

Биримдик менен бир туугандык сезимдерин лицейдин бүтүрүүчүлөрү кийинки турмушунда дагы жоготушпайт. Жыл сайын 25-августта бардык лицейлерге бүтүрүүчүлөрү агылып келет. Ошондой эле февраль айында да лицейдин бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болот. Кыргыз коомчулугун, ата-энелер менен бүтүрүүчүлөрдү бир жерге чогулткан “Акыркы коңгуроо” салтанаты өзгөчө маанай, өзгөчө шаң менен өтөт. 

“Сапаттын” мыкты бүтүрүүчүлөрү тууралуу маалыматты бул жерден окусаңыздар болот.