Ата-энелерге

Башкы бет / Ата-энелерге

Биздин ишмердүүлүгүбүздүн негизин ар дайым билим жана тарбия түзгөн. Балдардын интеллектуалдык өнүгүүсү бүгүнкү биздин муундун алдында турган эң башкы маселе деп эсептейбиз.

30 жылдын ичинде биз Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына инновацияларды киргизүүнүн пайдубалын түптөй алдык жана бул жаатта алдыңкы орундарга чыктык. Окуучуларыбыздын таланты, эрудициясы, мугалимдерибиздин эбегейсиз эмгеги, ар бир тарбиячы-насаатчынын салымы, эң негизгиси ата-эне, коомдун колдоосу менен эл аралык аренада мамлекетибиздин желегин бийик көтөрө алдык. .

Биргелешкен күч-аракет менен Кыргыз Республикасы дүйнөлүк масштабда заманбап жана прогрессивдүү билим берүү системасынын үлгүлүү моделине айланат деп терең ишенебиз.