Тапшыруучуларга

Главная / Тапшыруучуларга

Окуу жайларга кабыл алуу тартиби

“Сапат” эл аралык мекемесинин толук эмес жалпы орто билим берүү мекемелерине (0-6-класстар), лицейлерге (7-11 класс) жана “Ала-Тоо” эл аралык университетине кабыл алуу сынактары белгиленген тартипте өткөрүлөт. Кайсы мекеме кызыктырса, ошол мекеменин сайтынан кененирээк маалымат алсаңыздар болот.  “Сапат” лицейлери кыздар менен уландарды бөлүп окутуу, интернаттарда жашатуу, окуу-тарбия процессинин структурасы жана уюштурулушу боюнча ата-энелердин, коомчулуктун, мамлекеттик администрациялардын колдоосуна ээ. Окуу акыларында дифференциацияланган ыкма колдонулат. Окуунун мыктыларына, көп балалуу жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жеңилдиктер каралган. Бул акылар лицейлердин жайгашкан аймагына жараша белгиленген. Окуу акысын ар бир мектептин кабылдамасына кайрылуу менен толук маалымат ала аласыздар. Окуу төлөмдөр окуучулардын тамак-ашы, тиричилик тейлөө, окуу китептери, мектеп формасы, окуу корпустары, жатакана жана материалдык-техникалык базаны чыңдоого жумшалат. Онлайн сынактар exam.edu.kg сайтынан жүргүзүлөт. Ссылка берилет.  Эл аралык “Ала-Тоо” университетине кабыл алуу тартиби аталган университеттин веб барагынан тааныша аласыздар. Бул жерге ссылка берилет.