Биз жөнүндө
Башкы бет / Биз жөнүндө
Тарыхыбыз
Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи тааныган чет өлкөлүк мамлекет Түркия Республикасы болуп саналат. Эки мамлекеттин ортосундагы достук кызматташтыгынын приоритеттүү багыттарынын бири билим берүү системасы маанилүү орунду ээлейт.
Эгемендүүлүктү алгандан кийин Кыргызстандын новаторлору түрк педагогдорунун кыргыз-түрк лицейлерин ачуу сунуштарын кызыгуу менен кабыл алышкан. “Сапат” Кыргызстандагы дүйнөлүк стандарттын талабына ылайык окутуу жүргүзгөн жаӊы типтеги мектептердин, лицей – гимназия мектептеринин алгачкы карлыгачы болуп эсептелинет. 1992-жылдын 2-майында Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги менен түркиялык “Себат” билим берүү ассоциациясынын ортосунда кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1992-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында эркек лицейи ачылган.
Аны менен удаа эле 1992-1993-окуу жылында Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылында балдар лицейлери уюшулуп, алгачкы окуучуларды кабыл ала баштаган.
1993-1994-окуу жылында Бишкек “Айчүрөк” кыздар лицейи, Жалал-Абад, Нарын шаарларында, Кадамжай шаарчасында балдар лицейи өз окуучуларын тоскон.
1994-1995-окуу жылында Токмок менен Кызыл-Кыядагы “Сапат” лицейлери өз ишмердүүлүгүн башташкан.
1995-жылы Жалал-Абадда, 1998-жылы Ошто, 2002-жылы Таласта жана 2004-жылы Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чок-Тал айылында кыздар лицейлери ачылып, Таластагы балдар лицейи 2004-жылы иштей баштаган.
2014-жылы Токмоктогу “Үмүт” кыздар лицейи, 2015-жылы Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи ачылган.
Бул учур өзгөчө жаңы типтеги инновациялык мектептердин иштей башташы, окутуу менен тарбиялоодогу жеке инсанга багыттуу мамиле жана өзгөчө таланттуу балдарды тандоо жана колдоо көрсөтүү менен маанилүү.
Багытыбыз
Багытыбыз – Жер жүзүндө жашоону жакшырта ала турган жана глобалдык мейкиндикте туруктуу багытка ээ боло турган билимдүү, толеранттуу, жоопкерчиликтүү глобалдык инсанды даярдоо.
Миссиябыз
Өзгөрмөлүү дүйнөдө туруктуу инсандык сапаттарга ээ болгон жана билим аркылуу өлкөсүнө, бүткүл дүйнөгө пайдалуу зирек жаштарды жетиштирген эң мыкты мекеме болуу.
Видео-презентациябыз
Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси Кыргызстандын бардык аймактарында филиалдары бар жалгыз жеке менчик комплекстүү окуу жай болуп саналат. 1992-жылдан бери «Сапат» меморандуму студенттердин потенциалын ачууга жардам берип, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп келет.
Популярдуу жаңылыктар
Акыркы видео-сюжет
лицей өлкөбүз боюнча
башталгыч мектеп Кыргызстан боюнча
эл аралык мектеп Ош, Бишкек шаарларында
университет Бишкек шаарында
жыл тажрыйба билим-берүү тармагында
медаль эл аралык олимпиадаларда
алтын сертификат ОРТ боюнча
%