Биз жөнүндө
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси өз ишмердигин 1992-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын бардык облустарында, Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүп келет.
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин курамына 16 лицей, Эла аралык “Ала-Тоо” университети, «United World International School» эл аралык мектеби, 3 толук эмес орто билим берүү мектептери кирет.
Бүгүнкү күндө жогорудагы аталган билим берүү мекемелеринде 9872 окуучу жана 2453 студент билим алат.
Окуу-тарбия процессинин жыйынтыктарына ылайык, “Сапат” лицейлери орто билим берүү мектептеринин арасында алдыңкы катарда турат. Мындай натыйжа баланы окутуу процессинде жеке педагогикалык жана психологиялык ыкмага, ошондой эле ата-энелер менен өз ара алака түзүүгө негизделген.
“Сапат” ЭББМ ишмердигинин багыты:
Жер жүзүндө жашоону жакшырта ала турган жана глобалдык мейкиндикте туруктуу багытка ээ боло турган билимдүү, толеранттуу, жоопкерчиликтүү инсанды даярдоо.
“Сапат” ЭББМ миссиясы:
Өзгөрмөлүү дүйнөдө туруктуу инсандык сапаттарга ээ жана билимдүүлүгү аркылуу өз өлкөсүнө жана бүткүл дүйнөгө пайда алып келе турган инсандарды даярдоо үчүн мыкты мекеме болуу.
“Сапат” ЭББМ – бул:
- Республика боюнча жеке менчик мектептердин тармагы
- Мамлекеттик эмес мектептердин сегментиндеги рынокто лидер
- Cambridge assessment
- Чет өлкөлүк университеттер менен кызматташуу жөңүндө меморандумдар
- Жогорку академиялык жыйынтыктарды жана психологиялык жактан коопсуз билим берүү чөйрөсүн бириктирген толук күндүн лицейлери/мектептери
- IT лабораториялар
- STEM жана Монтессори багытындагы заманбап билим берүү лабораториялары
- Башталгыч класстарда STEM предметтер
- АКМО математика олимпиадасы
- Робототехника боюнча программа
- Student Council
- World Scholar’s Cup
- Системы Character Education