AKMO
Башкы бет / AKMO
Өлкөдөгү окуучулардын математика cабагына болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле түрдүү интеллектуалдык таймаштардын ар кандай түрлөрүн өркүндөтүү, өзгөчө шыктуу окуучуларды таап чыгуу жана аларга андан ары да колдоо көрсөтүүгө шарт түзүү максатында “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен жалпы орто билим берүү мектептериндеги 6-класстагы окуучулардын арасында математика сабагы боюнча олимпиадасын уюштурууда.
Олимпиада 5 – 6 – класстын математика сабагы боюнча окуу программаларынын негизинде өткөрүлүп, 3 баскычтан турат.
I-баскыч, райондук, II-баскыч, областтык, III Республикалык жыйынтыктоочу баскыч Бишкек шаарында өтөт. Республикалык баскычына катышууга II-баскыч олимпиадаларынан байгелүү 1,2,3-орундарды ээлеген, 3 окуучуну камтыган областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын командалары катышат.
Олимпиаданын III баскычынын бардык катышуучулары грамота жана баалуу белектер менен сыйланышат.