Программалар жана билим берүү шарттары
Башкы бет / Программалар
“Сапаттын” окутуу ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамы, ченемдик-укуктук документтерге ылайык аныкталган. Окуу планы жана окуу программаларынын структурасы мамлекеттик стандартка жооп берет. Эл аралык деңгээлде окутуу деген негизги максатты ишке ашыруу 7-класстын биринчи жарым жылдыгындагы окуу планынын негизги бөлүгүн англис тилин жана экинчи чет тили катары окутулган түрк тилин окутуу менен жүзөгө ашырабыз. Кийинки класстарда табигый-математикалык циклдагы предметтер англис тилинде окутулуп, информатика тереңдетилип берилет. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү орто билими тууралуу аттестаттары менен бирге англис, түрк жана информатика предметтеринен сертификаттарга ээ болушат. Гуманитардык жана эстетикалык циклдагы предметтер болсо кыргыз жана орус тилдеринде окутулат. Класстан тышкаркы иштер төрт тилде : кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт.