Билим берүү системасы
Башкы бет / Билим берүү системасы
Окутуучу курамдын квалификациясын жогорулатуу
“Сапаттын” алгачкы кадамдарынан баштап эле лицейлерде мыкты педагогдорду колдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу жана жаш мугалимдерди ишке тартуу багытында моралдык жана материалдык стимулдаштыруу системасы иштелип чыккан. Лицейлерде 1160 (219 университет) кыргызстандык жана 91 башка мамлекеттерден келген мугалимдер иштейт.
Мугалимдерибиз окутуунун информациялык технологияларын колдонуу менен окутуунун электрондук түрлөрүн да иштеп чыгышкан. “Сапаттын” илимий-методикалык борбору мугалимдердин профессионалдык өнүгүүсүнө, окутуу жана тарбиялоонун мазмунунун өркүндөтүлүшүнө багыт берет, окутуунун сапатына жана окуучунун билим деңгээлине мониторинг жасайт. “Сапаттын” 10 жылдык жана 15 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн “Сапаттын” мыкты мугалими конкурсу салтка айланып калды. “Сапаттын” 30 жылдыгына арналган кыргыз, орус, англис тилинде сабак берген мугалимдердин арасында “Мыкты мугалим” конкурсу ийгиликтүү өткөрүлдү. (фото, видео)
Мугалимдер үчүн англис тили жана так илимдер боюнча эл аралык бааланган сертификаттарды алуу боюнча иштер аткарылууда, бир жылдын аралыгында англис тили предметинин 63 мугалими Cambridge TKT (Teaching Knowledge Test) сынагына катышып сертификат алышты, 21 мугалим CELTA (Certificate in Teaching English to Speakers of Other Languages) сертификатына ээ болушту. 2019-жылдын январь айында “Сапаттын” 32 англис тили мугалимдери “Оксфорд Пресс” мекемеси менен биргеликте Англиядан келген тренерлер мугалимдерибиздин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча окутуу-семинар өткөрүштү.
Лицейлердин педагогикалык коллективдери республикабыздын шаар жана райондорунда жайгашкан мыкты мектептери менен тажрыйба алмашуу, окуу-тарбия программаларын бирге иштеп чыгуу боюнча тыгыз байланышта иштешет.