Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде Бишкек шаарындагы “Айчүрөк” лицейинде АКМО (алтынчы класстын окуучуларынын математика боюнча олимпиадасы) болуп өттү. Финалдык турда жалпы 60 окуучу ат салышып, алдыңкы үчтүктү Баястанова Ханифа, Залкар Токтогулов жана Акимов Ариет багындырды. Орундар жана белектер тууралуу толугураак төмөндө тааныша аласыз:
🥉3-орунду Баястанова Ханифа ээлеп, Amazon Kindle Scribe белекке алды.
Ханифа окуган Ала-Бука районундагы №35 “Сафед-Булон” гимназиясына түстүү принтер ыйгарылса, олимпиадага даярдаган мугалими Азибоева Мавжуда 6000 сом акчалай сыйлык алды.
🥈2-орунга Залкар Токтогулов татыктуу болуп, сыйлыкка Apple iPad 10 алды. Ата-Башы районунда жайгашкан Үсөналиев атындагы Залкардын мектебине дагы түстүү принтер белекке берилип, даярдаган мугалими Качкынбай кызы Каалый эжеге 8000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык ыйгарылды.
🥇1-орунду Акимов Ариет багындырып, белекке Samsung Tab S9 FE үлгүсүндөгү планшет алды. Ариет окуган Кочкор-Атадагы №14 Губкин атындагы мектепке түстүү принтер жана даярдаган мугалими Чолпон Мухамаджановнага 10 000 сом өлчөмүндөгү сыйлык тапшырылды.
Кошумчалай кетсек, АКМО 2005-жылдан бери жыл сайын Билим берүү министрлигинин колдоосу менен “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулуп келет. Быйыл 1-тур он-лайн болуп, ага жалпы Кыргызстандан 12 000 окуучу катышкан. 2-турга өткөн окуучулардын саны 2000ди түзүп, 2-тур облустук борборлордо уюштурулган жана 3-финалдык турга ар бир облустук борбордон 5тен окуучу чакырылып, жалпы 60 окуучу сынак жазган.
Сапаттын 30 жылдыгына арналган “Сапаттын мыкты мугалими 2022” кароо сынагы
https://www.youtube.com/watch?v=CAzXBkuRjlA
0 Comments