ЖРТ сынагынан 225 упай топтоп, эң алдынкы 50 бүтүрүүчүнүн катарына кирген “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин бүтүрүүчүсү Бектемир Доронбеков:
“Алтын сертификат” алуунун даамын таткандан бери укмуштуудай кубанычка жана терең канааттануу сезимине ээ болдум. Бул натыйжа көп айлык талыкпаган эмгектин жана берилгендиктин натыйжасы болду десем жаңылышпайм. Күн сайын эрежелерди үйрөнүүгө, материалдарды кайталоого көптөгөн убакыт сарптагам. Албетте, бул максатка жетүүдө менин үй-бүлөм жана жакындарым чоң роль ойношту, алар мени бүт даярдануу процессинде колдоп, шыктандырып турушту. Бул тажрыйба менин билимимди жана жөндөмүмдү бекемдеп гана тим болбостон, өжөрлүк жана тырышчаактык ар дайым каалаган натыйжага алып келе тургандыгына ынандырды”.
#sapat #Sapatinternationalhighschools #сапат #сапатэларалыкбилимберүүмекемеси #сапатлицейлери #орт #жрт #орт2024 #жрт2024 #золотойсертификат #алтынсертификат
0 Comments