“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин түзүүчүлөрүнүн курамынын алмашып, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, “Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары” акционердик коому менен Түркиянын “Маариф” фондуна катталгандыгы тууралуу маалыматты Юстиция министрлигинин сайтынан көрдүк.
“Сапаттын” он миңдеген окуучулары менен студенттери, алардын ата-энелери, мугалимдери жана техникалык кызматкерлери үчүн бул чечим күтүүсүз болду.
Бул чечимди кабыл алып жатканда, бардык юридикалык, укуктук маселелердин эске алынгандыгына ишенебиз.
P.S.: “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет болгон күндөн бери, эл аралык стандарттарда окутуу жүргүзгөн алгачкы билим берүү мекеме болуп саналат. Билим берүүнүн жогорку сапатын ЖРТда жана эл аралык аренадагы билим таймаштарында көрсөтүп келет.
Алсак, 2023-2024-окуу жылында “Сапаттын” окуучулары өлкөбүзгө биринчи даражадагы дүйнөлүк олимпиадаларда 3 күмүш, 5 коло медаль алып келген. Ал эми ЖРТ сынагында 13 Алтын сертификатка ээ болушкан.
0 Comments