Бириккен Араб Эмираттарында өткөн 57-Эл аралык химия олимпиадасына (IChO 57) лицейлерибизден үч окуучу катышты. Алар: Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин окуучусу Эржан Жапаров, Ош Сема Кембридж лицейинин окуучусу Максатбек Кахраманов жана Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейинин окуучусу Саматов Эрмек. Бул престиждүү эл аралык жарышта Максатбек Кахраманов менен Эржан Жапаров жогорку жыйынтык көрсөтүп, коло медалдарды жеңип алышты.




Аталган окуучуларды олимпиадага “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин Олимпиада борборунун тажрыйбалуу химия мугалими Азамат Исламбеков даярдаган.
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин эл аралык олимпиада жеңүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү тууралуу жобосуна ылайык, медаль алган окуучулардын ар бирине жана алардын машыктыруучусуна 1000 АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлык ыйгарылды.



Бул жетишкендикти урматтап, 15-июль күнү UWIS (United World International School) мектебинде салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага жеңүүчүлөрдүн ата-энелери, мугалимдери жана билим берүү тармагындагы өкүлдөр катышты.
Сыйлык тапшыруу маалында Түркия Маариф Фондунун Каржылык жана административдик иштер координатору Сулейман Алтун сөз сүйлөп, төмөнкүдөй ойлорун билдирди:
“Дүйнөлүк деңгээлде мындай сыйлуу орунду алып, бизди сыймыктандырган окуучуларыбызды чын жүрөктөн куттуктайм. Күнү-түнү дебей окуучуларын колдоп келген мугалимдерибизге, ата-энелерибизге өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.”
Бул чоң ийгилик — окуучулардын эмгегинин, мугалимдердин талыкпаган мээнетинин жана ата-энелердин бекем колдоосунун жыйынтыгы катары бааланууда.

0 Comments