Билим берүү системасы
Башкы бет / Билим берүү системасы
Адеп мектеби – Character education
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин мектептери бир нече жылдан бери «Адеп мектеби» программасынын үстүндө иштеп келишет. Бул программанын жардамы менен биз балдардын мүнөзүнүн калыптанышына оң таасир этүүчү адеп-ахлактык баалуулуктарды өнүктүрүүнү каалайбыз.
Ааламдашуу жана маалыматтар тездик менен өзгөрүп турган маалда билим жана тарбия берүү системасын да замандын агымына жараша жаңылап туруу зарылдыгы бар. Келечек муундун өкүлдөрү кандай гана кесиптин ээси болбосун, турмуштук кыйынчылыктарга туруштук бере алган, ар тараптуу өнүккөн, бардык кырдаалдарда өзүн татыктуу алып жүргөн адам болуп чыгуусу үчүн биз туура багытта тарбия беришибиз керек.
«Адеп мектеби» программасынын максаты – балдардын мүнөзүнүн калыптанышына оң таасир этүүчү адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандыруу.
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемелериндеги «Адеп мектебинин» негизги баалуулуктары:
- Урмат-сый
Урмат-сый – бул башка адамдардын чектерин жана кызыкчылыктарын эске алуу, алардын кадыр-баркын көрө билүү жана таануу, өзгөчөлүктөрүн байкоо, ийкемдүү баарлаша билүү. Бул башка адамдын иш-аракеттерин, жүрүм-турумун, сөздөрүн туура деп эсептебесе же түшүнбөсө дагы, эч кандай сын-пикирсиз кабыл алуу жөндөмү.
– Мектептин мүлкүнө аяр мамиле кылуу
– Мектептин эрежелерин сактоо
– Саламдашуу
– Ыраазычылык билдирүү
– Сабак учурунда мугалимди кунт коюп угуу
– Башкалардын жеке мейкиндигин урматтоо
– Башкалардын көз карашын кабыл алуу, сабырдуулук жана башкалардын айырмачылыгын кабыл алуу
– Башкалардын ойлоруна жана туюмдарына сезимтал болуу
– Адамдарды бөлүп-жарбоо
– Пикирди угуу жана кабыл алуу (сын)
– Өзүн сыйлоо (денени, андагы өзгөрүүлөрдү кабыл алуу, өзүнүн күчтүү жактарын эске алуу)
– Башкаларды кемсинтпөө (сөгүнбөө)
– Башкалардын муктаждыктарына аяр мамиле жасап, зарыл учурда жардам берүү
- Достук
Ынтымактуу болуу – бул башкалардын сенин жаныңда ыңгайлуу сезүүсүн шарттап, алар менен кызматташуудан ырахат ала турганыңды көрсөтүү.
Дүйнө канчалык өз ара байланышта болсо, коомдорду бириктире алгандардын жана ар кандай чөйрөдөгү адамдар арасында орток пикир таба алгандардын орду ошончолук бийик болот. Инновация — бул жалпы мобилизациянын, билимдерди бириктирүүнүн жана маалымат алмашуунун натыйжасы, андыктан обочолонуп иштеген адамдар жаңылык киргизген учур чанда кездешет. Ошондуктан, студенттерди башка маданияттын адамдары менен баарлашууга жана ар кандай идеяларды, көз караштарды жана баалуулуктарды карап чыгууга жана кабыл алууга даяр боло турган; адамдар бири-бирине ишенип, айырмачылыктарга карабастан кызматташууга жөндөмдүү болгон; алардын турмушуна улуттук чектелүүлөрдөн ашкан маселелер жарала турган дүйнөгө даярдоо биз үчүн маанилүү.
- Ыраазычылык
Ыраазычылык адамга өзүндө бар нерсени аңдап билүүгө мүмкүнчүлүк берет жана бул канааттануу сезимин алып келет.
Квансей Гакуин университетинде жүргүзүлгөн психологиялык изилдөөлөр – күнүмдүк жашоодо ыраазычылык билдирүүгө көнүп калган адамдар башкаларга салыштырмалуу оптимисттик маанайда, гармониялуу жашоодо жана ал тургай саламаттык жактан өзүн алда канча жакшы сезээрин көрсөттү. Адамдарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүү, оозеки жана иш жүзүндөгү аракеттер аркылуу мамилени бекемдейт. Бирок, оозеки ыраазычылык билдирүү жөндөмдүүлүгү түздөн-түз мамилелердин жакшыруусуна алып келет.
- Жоопкерчилик
Жоопкерчиликтүү адам болуу – бул аң-сезимдүү чечим кабыл алуу, өзүн жакшы сапаттарга тарбиялоо жана/же башкаларга жардам бере тургандай жүрүм-турумга ээ болуу дегенди билдирет. Эң негизгиси, жооптуу адам өзүнүн иш-аракеттеринин жана чечимдеринин натыйжасын кабыл алат.
Бул сиздин жашооңуздун бардык тармагында максаттарга жана ийгиликтерге жетүүгө жардам берет. Жоопкерчилик принципиалдуу, адеп-ахлактуу болууга үйрөтөт жана жашооңузду жеңилдетет.
Чынчылдык: Чындыкты айтып, убадаларыбызды аткарууга ыктасак, айланабыздагылар бизге ишенүүгө боло турганын түшүнүп, мамилеси өзгөрөт.
Өз алдынчалык: Иш-аракеттерибиздин натыйжасын алдын ала көрө билүү бизге туура чечим чыгарууга жардам берет.
Ишенимдүүлүк: Жоопкерчиликтүү болуу менен биз башкалардын ишенимин багындырабыз, ошондой эле өзүбүзгө болгон ишенимди арттырабыз. Туура иштерди кылуу менен, өзүбүздү жакшы сезебиз. Ошондой эле ката кетирсек дагы өкүнбөйбүз, анткени, колубуздан келишинче аракет кылганыбызды билебиз.
Программанын максаттары:
- «Сапат» билим берүү мекемесинин студенттеринде сый-урмат, жоопкерчилик, достук жана ыраазычылык сыяктуу сапаттарды тарбиялоо.
- Ар бир адам бири-бирин сыйлаган, баалаган жана жардам берген мектеп маданиятын түзүү.
- Ата-энелер менен мугалимдердин достук кызматташтыгы.
Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн класстык сааттарды гана өткөрүү менен чектелбей, ар бир сабакта баалуулуктарды талкуулоо жана негизги баалуулуктарды өздөштүрүү үчүн мектеп боюнча ар түрдүү тематикалык иш-чараларды өткөрүү маанилүү элемент болуп саналат. Ар кандай иш-чаралар класста, класстан тышкаркы, ал тургай аймактык деңгээлде да өтүшү мүмкүн. Мектеп жана ата-энелер өнөктөш болуп, бири-бирине жардам берүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоосу керек. Негизги максат – балдарды ийгиликтүү гана эмес, келечекте бактылуу болууга жардам бере турган адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандыруу.
«Адеп мектеби» программасын ийгиликтүү ишке ашыруунун далилденген натыйжалары:
Окуучулар сабактарды аз калтырышат
Мектепте эмоционалдык жагымдуу чөйрө түзүлөт
Окуучулар менен чоңдордун ортосундагы мамилелер жакшырат
Окуучулардын мектептеги жана мектептен тышкары жүрүм-туруму жакшырат
Окуучулардын академиялык жөндөмдөрү артат
Программанын негизги принциптери:
Мектептеги ар бир чоң адам баалуулуктардын тарбиячысы.
Мүнөз убакыттын өтүшү менен өнүгөт жана мектептеги сабактан тартып класстан тышкаркы иштерге чейин багытталган жана туруктуу күч-аракетти талап кылат. Баалуулуктарды үйрөтүү үчүн өзүбүз да үлгү болушубуз керек. Мектеп кызматкерлери окуучулар менен жана бири-бири менен өз ара аракеттенүүсүндө негизги баалуулуктар боюнча үлгү болот. Бул иштерде ата-энелер да бизге өнөктөш болуусу кажет.
Биз: өзүбүз үлгү болуп, аларга камкордук көрүп, иш жүзүндө түшүндүрүү аркылуу студенттерде баалуулуктарды өнүктүрө алабыз.