Билим берүү системасы
Башкы бет / Билим берүү системасы
Программалар жана билим берүү шарттары
“Сапаттын” окутуу ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамы, ченемдик-укуктук документтерге ылайык аныкталган. Окуу планы жана окуу программаларынын структурасы мамлекеттик стандартка жооп берет. Эл аралык деңгээлде окутуу деген негизги максатты ишке ашыруу 7-класстын биринчи жарым жылдыгындагы окуу планынын негизги бөлүгүн англис тилин жана экинчи чет тили катары окутулган түрк тилин окутуу менен жүзөгө ашырабыз. Кийинки класстарда табигый-математикалык циклдагы предметтер англис тилинде окутулуп, информатика тереңдетилип берилет. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү орто билими тууралуу аттестаттары менен бирге англис, түрк жана информатика предметтеринен сертификаттарга ээ болушат. Гуманитардык жана эстетикалык циклдагы предметтер болсо кыргыз жана орус тилдеринде окутулат. Класстан тышкаркы иштер төрт тилде : кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт.
Билим алуунун артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү
Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси:
- Республика боюнча жеке менчик мектептердин тармагы – “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин курамындагы 16 лицей, Эл аралык “Ала-Тоо” университети, “United World International School” Эл аралык мектеби, 7 облуста, шаарларда жайгашкан 4 толук эмес орто мектеп. Бишкек жана Ош шаарларынын.
- Мамлекеттик эмес мектептер сегментинде рыноктун лидери болуп “Сапат” – 30 жылдык тарыхы жана Кыргызстанда жаңы типтеги мектептерди, лицейлерди жана гимназияларды түзүү боюнча тажрыйбасы бар мекеме, дүйнөлүк стандарттарга ылайык билим берүү мекеме болуп саналат.
- Заманбап билим берүү лабораториялары Кембриджди баалоого багытталган, башталгыч мектепте STEM жана Монтессори, STEM предметтери – Биз илимди, технологияны, инженерияны, чыгармачылыкты жана математиканы изилдөөгө багытталган STEAM окутуу ыкмаларын колдонобуз. STEAM мамилесинин негизги идеясы: практика теория сыяктуу эле маанилүү. Практикалык көндүмдөрүнө басым жасоо менен студенттер өздөрүнүн эрктүүлүгүн, чыгармачылыгын, ийкемдүүлүгүн өнүктүрүшөт жана башкалар менен кызматташууга үйрөнүшөт.
Аккредитация
Жогорку академиялык жыйынтыктарды жана психологиялык жактан коопсуз билим берүү чөйрөсүн бириктирген толук күндүн лицейлери/мектептери 2018-2023-жылдардын аралыгында «Сапаттын» 16 лицейи жана “ЮВИС” эл аралык мектеби Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен аккредитациядан ийгиликтүү өттү. Жалпы педагогикалык коллективдин максаты – окуу-тарбия процессинин негизги заказ берүүчү-ата-эненин күтүүлөрүн учурдагы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын негизинде татыктуу деңгээлде ишке ашыруу болуп саналат.
Эл аралык аккредитация
Эл аралык Кембридж окутуу жана баалоо системасы менен STEM багыты боюнча окутуу программалары кабыл алынган. 10 лицейибиз Кембридж аккредитациясынан ийгиликтүү өтүп, окуу-методикалык комплексинин негизинде англис тили, математика, информатика, табигый илимдер предметтерин окутууга сертификат алып, окуу процессин жүргүзүүдө эл аралык жогорку стандарттарга жетишкендигин далилдеди. Бардык мекемелерде окутуу процесси англис тилиндеги кэмбридж китептери менен жүргүзүлөт. Кэмбридж аккредитациядан өткөн лицейлердин тизмеси:
- Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи
- «Айчурек» Бишкек лицейи
- Ж. Баласагын атындагы Токмок лицейи
- Токмок “Үмүт” жалпы билим берүү лицейи
- Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи
- З. Нурматова атындагы Жалал-Абад кыздар лицейи
- Эл аралык “Юнайтед Ворлд Интернэшнл Скул” мектеби
- Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи
- Ош “Сема” лицейи
- Курманжан Датка атындагы Ош лицейи
Лабораториялар
Олимпиададагы жетишкендиктер
Окуучу менен педагогдун өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасын жалпы предметтер боюнча республикалык жана эл аралык олимпиадалардын жыйынтыктарынан көрсөк болот. 1996-жылдан бери окуучуларыбыз биология, химия, физика, математика, информатика боюнча эл аралык олимпиадаларга, экология, экономика жана информатика боюнча эл аралык долбоорлорго активдүү катышып келе жатышат. Окуучуларыбыз 30 жылдын ичинде дүйнөлүк олимпиадаларда жалпы 34 алтын, 108 күмүш, 280 коло медалга татыктуу болушту. Ал эми республикалык олимпиадада алдыңкы орундардын 50%га жакыны лицеисттерге таандык. Жыл сайын лицейлердин 10-14 бүтүрүүчүсү ЖРТ негизинде “Алтын сертификатка” ээ болууда.
Окутуучу курамдын квалификациясын жогорулатуу
“Сапаттын” алгачкы кадамдарынан баштап эле лицейлерде мыкты педагогдорду колдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу жана жаш мугалимдерди ишке тартуу багытында моралдык жана материалдык стимулдаштыруу системасы иштелип чыккан. Лицейлерде 1160 (219 университет) кыргызстандык жана 91 башка мамлекеттерден келген мугалимдер иштейт.
Мугалимдерибиз окутуунун информациялык технологияларын колдонуу менен окутуунун электрондук түрлөрүн да иштеп чыгышкан. “Сапаттын” илимий-методикалык борбору мугалимдердин профессионалдык өнүгүүсүнө, окутуу жана тарбиялоонун мазмунунун өркүндөтүлүшүнө багыт берет, окутуунун сапатына жана окуучунун билим деңгээлине мониторинг жасайт. “Сапаттын” 10 жылдык жана 15 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн “Сапаттын” мыкты мугалими конкурсу салтка айланып калды. “Сапаттын” 30 жылдыгына арналган кыргыз, орус, англис тилинде сабак берген мугалимдердин арасында “Мыкты мугалим” конкурсу ийгиликтүү өткөрүлдү. (фото, видео)
Мугалимдер үчүн англис тили жана так илимдер боюнча эл аралык бааланган сертификаттарды алуу боюнча иштер аткарылууда, бир жылдын аралыгында англис тили предметинин 63 мугалими Cambridge TKT (Teaching Knowledge Test) сынагына катышып сертификат алышты, 21 мугалим CELTA (Certificate in Teaching English to Speakers of Other Languages) сертификатына ээ болушту. 2019-жылдын январь айында “Сапаттын” 32 англис тили мугалимдери “Оксфорд Пресс” мекемеси менен биргеликте Англиядан келген тренерлер мугалимдерибиздин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча окутуу-семинар өткөрүштү.
Лицейлердин педагогикалык коллективдери республикабыздын шаар жана райондорунда жайгашкан мыкты мектептери менен тажрыйба алмашуу, окуу-тарбия программаларын бирге иштеп чыгуу боюнча тыгыз байланышта иштешет.
Тарбия берүү процесси
Лицейлердеги билим берүүнүн башкы максаты – коомдун талаптарына ылайык, коомдо өз ордун таба алган, өз иш-аракеттерине жоопкерчилик менен мамиле жасаган, өз укуктарын билген жана башкалардын укуктарын урматтаган инсанды тарбиялоо болуп саналат.
Патриоттук духту көтөрүү, маданияттуулукка тарбиялоодо ар бир окуу жумалыгынын башындагы линейкадагы Кыргызстандын гимнин аткаруу жана жумалыкты гимн менен аяктоо сыяктуу үлгүлөр зор роль ойнойт. Бирдей мектептик форма, окуучулардын, алардын ата-энелеринин жана мугалимдеринин уставдык укук жана милдеттери “Сапатчылардын” турмушунун ченеми менен эрежелери болуп саналат. Класс жетекчинин, тарбиячы менен лицейдин администрациясынын билим берүү мейкиндигинин бир бөлүгү болгон ата-энелер менен тыгыз байланыштары, алардын үй-бүлөлүк өзгөчөлүктөрү жана турмуш-тиричилиги менен жакындан таанышуусу, алар менен бирге пикник, экскурсияга, өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөлүк саякаттарга баруу, түрдүү майрамдык иш-чараларды чогуу өткөрүү, интернатта жашап жатышса да, ата-энелеринин камкордугун сезүүгө шарт түзөт. Окуучулардын ден-соолугун коргоо жана бекемдөө, тамак-ашы, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берүү лицейдин медициналык кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнө тапшырылган.
“College Counseling” программасы
“Сапаттын” өнүгүү стратегиясында жаш адистердин өз көндүмдөрүн жана жөндөмдүүлүктөрүн замандын талабына ылайык ийкемдүүлүгүн жогорулатып туруусу баса белгиленген. Бул стратегиянын максаттарын утурлай “Сапат” лицейлеринде “College Counseling” лицейлердин 10-11-класстарына профилдик багыт боюнча окутуу киргизилген.
“College Counseling” программасы аркылуу 228 лицеист дүйнө жүзүндөгү мыкты жогорку окуу жайларына өтүштү. Тагыраак айтканда, Дүйнөнүн эң мыкты 100 университетине (TOP 100 Universities) – 35 бүтүрүүчү, Америка Кошмо Штаттарына – 26, Канада – 12, Англия – 1, Малайзия – 1, Корея – 1, Индонезия – 2, Польша – 32, Кытай – 31, Германия – 5, Венгрия – 12 ж.б.. Окуучулар чет мамлекеттик окуу жайларга өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүчү Toefl, SAT сынактарына мугалимдердин жетекчилиги, багыт берүүсү менен мыкты даярдыктардан өтүштү. Бул даярдыктардан өтүү үчүн, англис тилинен TOEFL жана информатикадан ICDL борборлор ачылган. Окуучулар мезгил-мезгили менен сынактарга кирип, билим деңгээлдерин тастыктап, сертификат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Эл аралык тажрыйба алмашуу
2018-жылдын 18-октябрында «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси жана Канада Уотерлу (University of Waterloo) университети менен кызматташуу келишими тузүлгөн, анын негизинде лицейлердин мугалимдерине ТESOL сертификатын алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Андан мурун “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемеси менен Кореянын UNIST (Ulsan National Institute of Science and Technology) университетинин ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Меморандумга ылайык, 60 бүтүрүүчү инженердик багыттагы адистиктерде акысыз окутулат.
“Ала-Тоо” эл аралык университетибиздин Европа, Кытай, Америка, Түркия жана Кипр өлкөлөрүндөгү кээ бир университеттер менен эки тараптуу келишимдери бар. «Мевляна», «Эрасмус» программалары боюнча студенттерди жана окутуучуларды алмашуу программаларын ишке ашырабыз. Бул сыяктуу программалар студенттерге жана окутуучуларга 1-2 семестрдин ичинде ар түрдүү университеттерди окуусун улантып, тажрыйбасы менен бөлүшүүгө мүмкүндүк берет
Педагогикалык усулдар
“Сапат” билим берүү мекемесиндеги педагогикалык усулдар жана технологиялар
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде колдонулган бардык педагогикалык усулдар менен технологиялар ар бир предмет боюнча ишмердигин жүргүзгөн кафедралардын эмгегинин үзүрү. Предметтик кафедралар окуу процессиндеги план жана программалар менен гана алектенбестен, чейрек сайын өтө турчу предметтик тесттердин дагы суроолорун даярдайт.
Кошумча билим берүү
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин бардык окуу жайларында окуучулардын сабактан тышкаркы өнүгүп- өсүүсүнө салым кошкон ийримдер иштиктүү иштейт. Алар футбол, волейбол, баскетбол, стол тенниси, шахматы, комуз, вокал, бий ж.б. (фото, видео). Робототехника боюнча курстар абдан кызыгууну туудурат.
Адеп мектеби – Character education
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин мектептери бир нече жылдан бери «Адеп мектеби» программасынын үстүндө иштеп келишет. Бул программанын жардамы менен биз балдардын мүнөзүнүн калыптанышына оң таасир этүүчү адеп-ахлактык баалуулуктарды өнүктүрүүнү каалайбыз.
Ааламдашуу жана маалыматтар тездик менен өзгөрүп турган маалда билим жана тарбия берүү системасын да замандын агымына жараша жаңылап туруу зарылдыгы бар. Келечек муундун өкүлдөрү кандай гана кесиптин ээси болбосун, турмуштук кыйынчылыктарга туруштук бере алган, ар тараптуу өнүккөн, бардык кырдаалдарда өзүн татыктуу алып жүргөн адам болуп чыгуусу үчүн биз туура багытта тарбия беришибиз керек.
«Адеп мектеби» программасынын максаты – балдардын мүнөзүнүн калыптанышына оң таасир этүүчү адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандыруу.
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемелериндеги «Адеп мектебинин» негизги баалуулуктары:
- Урмат-сый
Урмат-сый – бул башка адамдардын чектерин жана кызыкчылыктарын эске алуу, алардын кадыр-баркын көрө билүү жана таануу, өзгөчөлүктөрүн байкоо, ийкемдүү баарлаша билүү. Бул башка адамдын иш-аракеттерин, жүрүм-турумун, сөздөрүн туура деп эсептебесе же түшүнбөсө дагы, эч кандай сын-пикирсиз кабыл алуу жөндөмү.
– Мектептин мүлкүнө аяр мамиле кылуу
– Мектептин эрежелерин сактоо
– Саламдашуу
– Ыраазычылык билдирүү
– Сабак учурунда мугалимди кунт коюп угуу
– Башкалардын жеке мейкиндигин урматтоо
– Башкалардын көз карашын кабыл алуу, сабырдуулук жана башкалардын айырмачылыгын кабыл алуу
– Башкалардын ойлоруна жана туюмдарына сезимтал болуу
– Адамдарды бөлүп-жарбоо
– Пикирди угуу жана кабыл алуу (сын)
– Өзүн сыйлоо (денени, андагы өзгөрүүлөрдү кабыл алуу, өзүнүн күчтүү жактарын эске алуу)
– Башкаларды кемсинтпөө (сөгүнбөө)
– Башкалардын муктаждыктарына аяр мамиле жасап, зарыл учурда жардам берүү
- Достук
Ынтымактуу болуу – бул башкалардын сенин жаныңда ыңгайлуу сезүүсүн шарттап, алар менен кызматташуудан ырахат ала турганыңды көрсөтүү.
Дүйнө канчалык өз ара байланышта болсо, коомдорду бириктире алгандардын жана ар кандай чөйрөдөгү адамдар арасында орток пикир таба алгандардын орду ошончолук бийик болот. Инновация — бул жалпы мобилизациянын, билимдерди бириктирүүнүн жана маалымат алмашуунун натыйжасы, андыктан обочолонуп иштеген адамдар жаңылык киргизген учур чанда кездешет. Ошондуктан, студенттерди башка маданияттын адамдары менен баарлашууга жана ар кандай идеяларды, көз караштарды жана баалуулуктарды карап чыгууга жана кабыл алууга даяр боло турган; адамдар бири-бирине ишенип, айырмачылыктарга карабастан кызматташууга жөндөмдүү болгон; алардын турмушуна улуттук чектелүүлөрдөн ашкан маселелер жарала турган дүйнөгө даярдоо биз үчүн маанилүү.
- Ыраазычылык
Ыраазычылык адамга өзүндө бар нерсени аңдап билүүгө мүмкүнчүлүк берет жана бул канааттануу сезимин алып келет.
Квансей Гакуин университетинде жүргүзүлгөн психологиялык изилдөөлөр – күнүмдүк жашоодо ыраазычылык билдирүүгө көнүп калган адамдар башкаларга салыштырмалуу оптимисттик маанайда, гармониялуу жашоодо жана ал тургай саламаттык жактан өзүн алда канча жакшы сезээрин көрсөттү. Адамдарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүү, оозеки жана иш жүзүндөгү аракеттер аркылуу мамилени бекемдейт. Бирок, оозеки ыраазычылык билдирүү жөндөмдүүлүгү түздөн-түз мамилелердин жакшыруусуна алып келет.
- Жоопкерчилик
Жоопкерчиликтүү адам болуу – бул аң-сезимдүү чечим кабыл алуу, өзүн жакшы сапаттарга тарбиялоо жана/же башкаларга жардам бере тургандай жүрүм-турумга ээ болуу дегенди билдирет. Эң негизгиси, жооптуу адам өзүнүн иш-аракеттеринин жана чечимдеринин натыйжасын кабыл алат.
Бул сиздин жашооңуздун бардык тармагында максаттарга жана ийгиликтерге жетүүгө жардам берет. Жоопкерчилик принципиалдуу, адеп-ахлактуу болууга үйрөтөт жана жашооңузду жеңилдетет.
Чынчылдык: Чындыкты айтып, убадаларыбызды аткарууга ыктасак, айланабыздагылар бизге ишенүүгө боло турганын түшүнүп, мамилеси өзгөрөт.
Өз алдынчалык: Иш-аракеттерибиздин натыйжасын алдын ала көрө билүү бизге туура чечим чыгарууга жардам берет.
Ишенимдүүлүк: Жоопкерчиликтүү болуу менен биз башкалардын ишенимин багындырабыз, ошондой эле өзүбүзгө болгон ишенимди арттырабыз. Туура иштерди кылуу менен, өзүбүздү жакшы сезебиз. Ошондой эле ката кетирсек дагы өкүнбөйбүз, анткени, колубуздан келишинче аракет кылганыбызды билебиз.
Программанын максаттары:
- «Сапат» билим берүү мекемесинин студенттеринде сый-урмат, жоопкерчилик, достук жана ыраазычылык сыяктуу сапаттарды тарбиялоо.
- Ар бир адам бири-бирин сыйлаган, баалаган жана жардам берген мектеп маданиятын түзүү.
- Ата-энелер менен мугалимдердин достук кызматташтыгы.
Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн класстык сааттарды гана өткөрүү менен чектелбей, ар бир сабакта баалуулуктарды талкуулоо жана негизги баалуулуктарды өздөштүрүү үчүн мектеп боюнча ар түрдүү тематикалык иш-чараларды өткөрүү маанилүү элемент болуп саналат. Ар кандай иш-чаралар класста, класстан тышкаркы, ал тургай аймактык деңгээлде да өтүшү мүмкүн. Мектеп жана ата-энелер өнөктөш болуп, бири-бирине жардам берүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоосу керек. Негизги максат – балдарды ийгиликтүү гана эмес, келечекте бактылуу болууга жардам бере турган адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандыруу.
«Адеп мектеби» программасын ийгиликтүү ишке ашыруунун далилденген натыйжалары:
Окуучулар сабактарды аз калтырышат
Мектепте эмоционалдык жагымдуу чөйрө түзүлөт
Окуучулар менен чоңдордун ортосундагы мамилелер жакшырат
Окуучулардын мектептеги жана мектептен тышкары жүрүм-туруму жакшырат
Окуучулардын академиялык жөндөмдөрү артат
Программанын негизги принциптери:
Мектептеги ар бир чоң адам баалуулуктардын тарбиячысы.
Мүнөз убакыттын өтүшү менен өнүгөт жана мектептеги сабактан тартып класстан тышкаркы иштерге чейин багытталган жана туруктуу күч-аракетти талап кылат. Баалуулуктарды үйрөтүү үчүн өзүбүз да үлгү болушубуз керек. Мектеп кызматкерлери окуучулар менен жана бири-бири менен өз ара аракеттенүүсүндө негизги баалуулуктар боюнча үлгү болот. Бул иштерде ата-энелер да бизге өнөктөш болуусу кажет.
Биз: өзүбүз үлгү болуп, аларга камкордук көрүп, иш жүзүндө түшүндүрүү аркылуу студенттерде баалуулуктарды өнүктүрө алабыз.
Психологиялык кызмат
Сапат билим берүү мекемесинде психологиялык кызмат иш алып барат. Анда мектеп психологу окуучулардын инсандык өнүгүүсүн жана коомго ийгиликтүү аралашуусун шарттайт. Окуучулардын туура кесип тандоосу боюнча консультациялык иштерди жүргүзөт. Сергек жашоо образын пропагандалайт.
Окуучуларга ар тараптан колдоо көрсөтүү
Мектеп психологу окуучуларды мектепке кабыл алынгандан тартып зарыл болгон көмөктөрдү көрсөтөт. Балага өзүн таанып билүүгө, жөндөмүн өстүрүүгө жана айрым көйгөйлөрдү чечүү үчүн туура чечим чыгарууга жардамчы болот. Эгер башка адистердин кошумча жардамы керек болсо, логопед, невропатолог же психотерапевт сыяктуу тиешелүү медициналык борборлорго багыттайт.
Мектеп психологу башкалар менен сүйлөшүүдөн тартынган, өзүнө ишенбеген, ийримдерге жана коомдук иштерге катышуудан корккон, сабакка жетишпеген жана тартибинде көйгөй жаралган балдар менен иш алып барат. Ошондой эле сабактарын жакшы өздөштүргөнү менен, өз жөндөмүн колдонуу жолун билбеген балдарга багыт берет.
Көйгөйдү кантип аныктайт?
Психолог мектеп жетекчиси менен тыгыз байланышта болуп, административдик жыйынга жана педагогикалык кеңешмеге катышат. Мектеп жетекчилигинин макулдугу менен тиешелүү багытка ылайык анкета-тесттерди жүргүзүп турат. Психолог класс жетекчи менен тыгыз байланышта иштейт. Көйгөйлөрдү талкуулап, чогуу жасала турган иштерди пландайт. Бул иш чаралардын жыйынтыгы менен жыл ичинде аткарылчу иштердин планын түзөт. Анын негизинде тематикаларды иштеп чыгып, мектеп жетекчилиги жана класс жетекчилер менен бөлүшөт.
Педагогдорго жана ата-энелерге көмөк
Мектеп психологу балдар менен кызматташып гана чектелбей, мугалимдер, тарбиячылар жана ата-энелер менен да тыгыз иш алып барат. Окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге психологиялык консултациялар берилет. Эгер суроо-талап келип чыкса, жетекчиликке, окуучуларга, ата-энелерге жана педагогдорго семинар-тренингдер өткөрүлөт. Ата-энелер жана педагогдор менен биргеликте өнүктүрүү сабактары уюштурулат. Педагогдор менен бирге окутуунун жана тарбиялоонун оптималдуу формаларын тандоого көмөктөшөт. Эки жумада бир жолу (жума күндөрү) психологдор менен биргеликте метод күнүн өткөрүп турат. Өспүрүм курактагы ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чаралар уюштурулат.
Белгилей кетчү жагдай, психологиялык кызмат: Баланын укуктары боюнча конвенция; К.Р. Конституциясы; К.Р. Билим берүү боюнча мыйзамынын негизинде иш алып барат.
Олимпиадалык борбор
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин лицейлеринин окуучуларын табигый-математикалык багытта эл аралык олимпиадаларга даярдоо үчүн атайын Бишкек Ч.Айтматов атындагы лицейдин базасында Олимпиадалык борбор түзүлгөн. Аталган борбордо жыл бою математика, информатика, физика, химия жана биология предметтеринен окуучуларыбыз предметтик тренерлердин жетекчилиги алдында олимпиада даярданышат. Олимпиадалык борбордун ишмердүүлүгү тууралуу бул жерден окусаңыздар болот. Лимонкгдеги ссылка койулат.