Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев дүйнөлүк олимпиаданын медалисттерин кабыл алды.
6-сентябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев дүйнөлүк олимпиаданын медалисттерин кабыл алып, баалуу белектер менен сыйлады.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 28-августунан 4-сентябрына чейин Венгриянын Сегед шаарында өткөн XXXV Эл аралык информатика олимпиадасына (35th IOI 2023 Hungary) Кыргызстандан төрт окуучу катышты. Информатика боюнча эл аралык олимпиадада Кыргызстан биринчи ирет күмүш медалга татыктуу болду.
Эл аралык олимпиаданын финалдык турунун жыйынтыгы:
- Айдар Мундузбаев, Бишкек Ч.Айтматов лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү – күмүш медаль
- Тенгиз Беккоёнов, Жалал-Абад Курманбек баатыр лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү – коло медаль;
- Алихан Айдарбеков, Нарын М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль;
- Байтөрө Майрамбеков, Талас Манас-Ата лицейинин 11-классынын окуучусу – Ардак грамота.
Окуучуларды даярдаган мугалим жана улуттук команданын жетекчисинин жардамчысы – Кылычбек Урайымов.
Улуттук команданын жетекчиси – Павел Панков.
International Olympiad in Informatics информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн 4 окуучу катышат. Быйыл 90 өлкөдөн 355 окуучу катышты.
0 Comments