Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесине Кыргызстандын ар бир булун бурчунан сапаттуу билим алууну эңсеген окуучулар жана абитуриенттер тапшырышат. Кабыл алуу тартиби Сиз тандаган окуу жайдын түрүнө карата айырмаланып турат.
2022-жылдын 2-апрелинен тартып Республиканын бардык облустарында Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерине 6-класстын окуучуларын кабыл алуу сынагы башталат. Аталган сынак 2 баскыч менен жүргүзүлөт.
I баскыч: Сынактын 1-туру тийиштүү шаар жана райондордо уюштурулуп, 6-класстын программасынын негизинде даярдалган суроо китепчесинде 50 суроо берилет, суроолор кыргыз/орус тилдүү класстарга жараша түзүлөт жана төмөндөгү предметтерди камтыйт:
Математика – 20 суроо
Кыргыз тили, Орус тили – 10 суроо
Тарых – 4 суроо
География – 4 суроо
Биология – 4 суроо
Англис тили – 8 суроо
Сынак учурунда катышуучу окуучуларга атайын жооп баракчасы таратылып берилет. Сынакта жооп баракчасы карандаш менен толтурулат, өчүргүч (резина) колдонууга уруксат берилет. Сынакта 3 туура эмес жооп 1 туура жоопту жоюп коет.
Биринчи турдун жыйынтыгы менен кабыл алуу комиссиясы тарабынан белгиленген (чектелген балл) баллдан жогору алган окуучулар сынактын экинчи баскычына чакырылат.
II баскыч: Сынактын 2-туруна өткөн окуучулар математика жана логикадан 25 суроодон турган (математика – 15 суроо, логика – 10 суроо) тапшырманы аткарышат. Сынактын жалпы мөөнөтү – 60 мин.
Сынактын биринчи жана экинчи баскычынын жыйынтыгынын орточо баллына жараша окуучу “Сапат” лицейлеринде окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.