Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров информатика боюнча дүйнөлүк олимпиадада ийгиликке жеткен “Сапаттын” окуучулары менен жолугушту. Бүгүн, 22-сентябрда, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров информатика боюнча дүйнөлүк олимпиадада ийгиликке жеткен “Сапаттын” окуучулары жана алардын ата-энелери менен жолугушту. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын кеңсесинде өтүп, ага Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азис Абакиров дагы катышты. А. Жапаров өз сөзүндө окуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жеңүүчүлөргө мындан ары дагы ийгиликтерди каалады. Кыргызстанга алгачкы күмүш медаль алып келген Айдар Мундузбаев менен коло медаль ээси Тенгиз Беккоёнов чет өлкөдө билим алып жатышкандыгына байланыштуу, окуяга он-лайн күбө болушту. Кылычбек Урайымовго 7 миң доллардын сертификаты, 2-орунга ээ болгон Айдар Мундузбаевге 5 миң, коло медаль үчүн Тенгиз Беккоёнов менен Алихан Айдарбековго миң доллардын сертификаты ыйгарылды.
Сапаттын 30 жылдыгына арналган “Сапаттын мыкты мугалими 2022” кароо сынагы
https://www.youtube.com/watch?v=CAzXBkuRjlA
0 Comments