Билим берүү системасы
Башкы бет / Билим берүү системасы
Психологиялык кызмат
Сапат билим берүү мекемесинде психологиялык кызмат иш алып барат. Анда мектеп психологу окуучулардын инсандык өнүгүүсүн жана коомго ийгиликтүү аралашуусун шарттайт. Окуучулардын туура кесип тандоосу боюнча консультациялык иштерди жүргүзөт. Сергек жашоо образын пропагандалайт.
Окуучуларга ар тараптан колдоо көрсөтүү
Мектеп психологу окуучуларды мектепке кабыл алынгандан тартып зарыл болгон көмөктөрдү көрсөтөт. Балага өзүн таанып билүүгө, жөндөмүн өстүрүүгө жана айрым көйгөйлөрдү чечүү үчүн туура чечим чыгарууга жардамчы болот. Эгер башка адистердин кошумча жардамы керек болсо, логопед, невропатолог же психотерапевт сыяктуу тиешелүү медициналык борборлорго багыттайт.
Мектеп психологу башкалар менен сүйлөшүүдөн тартынган, өзүнө ишенбеген, ийримдерге жана коомдук иштерге катышуудан корккон, сабакка жетишпеген жана тартибинде көйгөй жаралган балдар менен иш алып барат. Ошондой эле сабактарын жакшы өздөштүргөнү менен, өз жөндөмүн колдонуу жолун билбеген балдарга багыт берет.
Көйгөйдү кантип аныктайт?
Психолог мектеп жетекчиси менен тыгыз байланышта болуп, административдик жыйынга жана педагогикалык кеңешмеге катышат. Мектеп жетекчилигинин макулдугу менен тиешелүү багытка ылайык анкета-тесттерди жүргүзүп турат. Психолог класс жетекчи менен тыгыз байланышта иштейт. Көйгөйлөрдү талкуулап, чогуу жасала турган иштерди пландайт. Бул иш чаралардын жыйынтыгы менен жыл ичинде аткарылчу иштердин планын түзөт. Анын негизинде тематикаларды иштеп чыгып, мектеп жетекчилиги жана класс жетекчилер менен бөлүшөт.
Педагогдорго жана ата-энелерге көмөк
Мектеп психологу балдар менен кызматташып гана чектелбей, мугалимдер, тарбиячылар жана ата-энелер менен да тыгыз иш алып барат. Окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге психологиялык консултациялар берилет. Эгер суроо-талап келип чыкса, жетекчиликке, окуучуларга, ата-энелерге жана педагогдорго семинар-тренингдер өткөрүлөт. Ата-энелер жана педагогдор менен биргеликте өнүктүрүү сабактары уюштурулат. Педагогдор менен бирге окутуунун жана тарбиялоонун оптималдуу формаларын тандоого көмөктөшөт. Эки жумада бир жолу (жума күндөрү) психологдор менен биргеликте метод күнүн өткөрүп турат. Өспүрүм курактагы ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чаралар уюштурулат.
Белгилей кетчү жагдай, психологиялык кызмат: Баланын укуктары боюнча конвенция; К.Р. Конституциясы; К.Р. Билим берүү боюнча мыйзамынын негизинде иш алып барат.