“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесине караштуу М. Субакожоев атындагы Нарын лицейинде жаңы заманбап китепкана колдонууга берилгендиги тууралуу кубануу менен кабарлагыбыз келет. Биздин билимге ынтызар болгон, китепти сүйгөн окуучуларыбызга жаңы заманбап китепкана жакшы билим алып, бийиктиктерди багындырышына көмөкчү болоруна ишенимибиз зор.👨🏻🎓 Лицейлерибизде окуучулар үчүн ар дайым мыкты шарттар түзүлүп келген жана мындан ары да түзүлө бермекчи. Азыркы учурда китептер менен камсыздоо процесси кызуу жүрүп жатат. Буга чейин Нарын лицейинин бүтүрүүчүлөрү 100 000 сомго, ал эми ата-энелери 50 000 сомго китептерди белек кылышкан.📖📚
Эске салсак, китепкананы оңдоо иштери ушул жылдын июнь айында башталган. Китепкана бир убакта 30 адам отуруп, китеп окуп же тапшырмаларын аткарганы ылайыкташтырылган. Ал эми азыркы учурда лицейде жалпы 498 окуучу билим алып келет.
0 Comments