Мен, Момунов Бектур, Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин бүтүрүүчүсүмүн жана Алтын сертификат ээсимин. Учурда эл аралык “Ала-Тоо” университетинин информатика жана инженерия факультетинин 1-курсунда окуп жатам. Ал эми азыркы учурда Кыргызстандын эң алдыңкы университеттеринин биринде бекер билим алып жатканыма Алтын сертификат алганым себепчи болду. Алтын сертификат алуумда менин мугалимдеримдин салымы чоң. Ошол эле учурда өзүм дагы катуу аракеттенип, изилденип окудум. Менин үй-бүлөм жана мугалимдерим болсо мага ишенип, мага болгон колдоосун токтоткон жок. Мен үчүн “Сапат” жөн гана сапаттуу билим берген мекеме эле эмес, ар бир окуучусунун жаркын келечегине болгон трамплин деп айткым келет.
Сапаттын 30 жылдыгына арналган “Сапаттын мыкты мугалими 2022” кароо сынагы
https://www.youtube.com/watch?v=CAzXBkuRjlA
0 Comments