Мен, Аскарбекова Мээрим, азыркы учурда “Ала-Тоо” университетинин Маалыматтардын анализи жана интеллектуалдык системалар факультетинде окуп жатам. 2018-2023-жылдары Таластагы “Мээрим” окуу- тарбия комплекс-лицейинде билим алдым. Лицейде мен жакшы көргөн предмет математика болчу. 3 жыл катары менен математика сабагы боюнча олимпиадага барып, райондук, облустук турларда алдыңкы орундарды ээлеп келдим. Менин негизги жетишкендигим Алтын сертификаттын ээси болгонум деп айта алам.
Лицейибизде Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык 10-класста эле башталган. Ал эми 11-класстагы даярдык тереңирээк болду десем болот. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси болсо ар бир чейрек сайын 10 күндүк ЖРТ лагерлерин уюштуруп жатты. Ушул факторлор менин ийгиликке жетүүмө себеп болду деп терең ишеним менен айта алам. Мунун баары болбогондо, мен Президенттин колун кысып, сыйлык алат белем, ким билет. Учурдан пайдаланып, мага билим берген бардык мугалимдерге, ЖРТге даярдаган ар бир эже-агайларга, Талас “Мээрим” окуу-тарбия комплекс-лицейине жана ошондой эле “Сапат” билим берүү мекемесине ыраазычылыгымды билдирем.
Сапаттын 30 жылдыгына арналган “Сапаттын мыкты мугалими 2022” кароо сынагы
https://www.youtube.com/watch?v=CAzXBkuRjlA
0 Comments