2024-жылдын 10-12-февралында Румыниянын VIII Эл аралык Info(1)Cup олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага 2008-жылы же андан кийин туулган, дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн (Армения, Азербайжан, Бельгия, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Румыния, Сирия, Украина) 135 окуучу катышты. Кыргызстандын командасындагы 8 окуучунун алтоосу “Сапат” лицейлеринин окуучулары.
Онлайн олимпиаданын жыйынтыгында, Кыргызстандын атынан 6 окуучу 3 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алса, анын 2 күмүш менен 3 колосун “Сапаттын” окуучулары алган!!!
Күмүш медаль алган окуучуларыбыз:
🥈 Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу
🥈 Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу
Коло медалга ээ болгон окуучуларыбыз:
🥉 Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу
🥉 Абдуллахан Абдирасулов, Ош “Сема” лицейинин 8-классынын окуучуcу
🥉 Байыш Минбаев, Ош “Сема” лицейинин 9-классынын окуучуcу
Команданын лидерлери:
Кылычбек Урайымов, “Сапат” олимпиада борборунун информатика олимпиада боюна тренери;
Нургүл Бактыбекова, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин информатика мугалими;
Анварбек Хайдаров, Ош “Сема” лицейинин информатика мугалими.
Окуучуларыбыз менен мугалимдерибизди кезектеги жеңиштери менен куттуктайбыз!
0 Comments