Билим берүү системасы
Башкы бет / Билим берүү системасы
Тарбия берүү процесси
Лицейлердеги билим берүүнүн башкы максаты – коомдун талаптарына ылайык, коомдо өз ордун таба алган, өз иш-аракеттерине жоопкерчилик менен мамиле жасаган, өз укуктарын билген жана башкалардын укуктарын урматтаган инсанды тарбиялоо болуп саналат.
Патриоттук духту көтөрүү, маданияттуулукка тарбиялоодо ар бир окуу жумалыгынын башындагы линейкадагы Кыргызстандын гимнин аткаруу жана жумалыкты гимн менен аяктоо сыяктуу үлгүлөр зор роль ойнойт. Бирдей мектептик форма, окуучулардын, алардын ата-энелеринин жана мугалимдеринин уставдык укук жана милдеттери “Сапатчылардын” турмушунун ченеми менен эрежелери болуп саналат. Класс жетекчинин, тарбиячы менен лицейдин администрациясынын билим берүү мейкиндигинин бир бөлүгү болгон ата-энелер менен тыгыз байланыштары, алардын үй-бүлөлүк өзгөчөлүктөрү жана турмуш-тиричилиги менен жакындан таанышуусу, алар менен бирге пикник, экскурсияга, өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөлүк саякаттарга баруу, түрдүү майрамдык иш-чараларды чогуу өткөрүү, интернатта жашап жатышса да, ата-энелеринин камкордугун сезүүгө шарт түзөт. Окуучулардын ден-соолугун коргоо жана бекемдөө, тамак-ашы, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берүү лицейдин медициналык кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнө тапшырылган.