2024-жылдын 10-12-февралында Румыниянын VIII Эл аралык Info(1)Cup олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага 2008-жылы же андан кийин туулган, дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн (Армения, Азербайжан, Бельгия, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Румыния, Сирия, Украина) 135 окуучу катышты. Кыргызстандын командасындагы 8 окуучунун алтоосу “Сапат” лицейлеринин окуучулары.
Алардын бири – Зияш Бектенов атындагы Чоктал лицейинин 10-классынын окуучусу Айпери Акжолтоева. Айпери бул олимпиадада коло медалга ээ болду. Айперини кезектеги жеңиши менен куттуктайбыз жана мындан ары ийгилик каалайбыз!
Эске сала кетсек, Айпери буга чейин информатика боюнча жаштар арасындагы Балкан олимпиадасында дагы, информатика боюнча XV Евразия олимпиадасында дагы коло медаль жеңип алган. Ал эми быйылкы окуучулар арасындагы предметтер аралык республикалык олимпиаданын райондук турунда 1-орунду камсыз кылганга жетишкен.
0 Comments