«ЮВИС» (United World International School) эл аралык
мектеби расмий түрдө Эл аралык мектептер кеңешинин (CIS) мүчөсү болгонун жарыялоого
кубанычтабыз. Бул эл аралык билим берүүнүн эң
жогорку стандартын камсыз кылуу боюнча манилүү
этап болуп саналат.
Бул престиждүү мүчөлүк биздин билим берүү стандарттарын сактоого жана дүйнөлүк деңгээлде
таанылган критерийлерге жооп берүүгө болгон
умтулуубузду баса белгилейт. Эл аралык мектептер
кеңешинин бир бөлүгү катары кесипкөйлүгүбүздү
жогорулатууну жана мыкты тажрыйбаларды
алмашууну чыдамсыздык менен күтөбүз. Бул мүчөлүк
биздин мектептин глобалдык көз карашын гана кеңейтпестен, ар түрдүү жана инклюзивдик билим берүү чөйрөсүн түзүү боюнча биздин миссиябызды
бекемдейт. Биздин Эл аралык мектептер кеңеши менен өнөктөштүгүбүз окуучуларыбызга жана
мугалимдерибизге бере турган жаны мүмкүнчүлүктөрдү чыдамсыздык менен күтөбүз.
Сапаттын 30 жылдыгына арналган “Сапаттын мыкты мугалими 2022” кароо сынагы
https://www.youtube.com/watch?v=CAzXBkuRjlA
0 Comments