Жалпы республикалык тестирлөөдөн 234 упай топтоп, Кыргызстандын биринчиси болгон “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин Таластагы “Мээрим” окуу-тарбия комплекс-лицейинин бүтүрүүчүсү Эльнура Эркинбекова:
“Алтын сертификатка ээ болгонумду биринчи класс жетекчимден уктум. Өзүм ушул сертификатка даярдангам, аракеттенгем, үмүт кылгам, бирок биринчи орун болом деп эч качан ойлогон эмесмин. Азыркыга чейин дагы бул нерсе чындык болгонуна ишене албай турам. ЖРТге даярданууда көп кыйынчылыктарды көргөн жокмун, анткени мага лицейим, мугалимдерим жардам берди. Алар бизге 10-класста ЖРТ тууралуу, ЖРТнин маанилүүлүгү тууралуу айтып беришкен. Ал эми 11-класста ЖРТге даярданууга кошумча сабактарды киргизип, лицейим бардык шарттарды түзүп берген. Ошол үчүн мен ата-энеме, бардык мугалимдериме, өзгөчө ЖРТге даярдаган мугалимдериме терең ыраазычылык билдирем. Алар болбосо “Алтын сертификат” ала албасам керек эле. Эмне үчүн “Алтын сертификат” алууну кааладым? Себеби бул менин келечегиме жакшы таасир берет. Кийинки ЖРТ тапшыруучуларга кеңешим: ар дайым өзүңөргө ишенгиле, эмгектенгиле.”
#золотойсертификат #алтынсертификат #золотойсертификат2024 #алтынсертификат2024 #орт #жрт #жрт2024 #орт2024
0 Comments