Бишкекте 11-майда ЮВИС эл аралык мектебинде роботехника боюнча мектеп окуучулары арасында Ismart фестивалы болуп өттү. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси уюштурган фестивалга Кыргызстандын булуң-бурчунан 230 окуучудан турган 137 команда катышты.
Олимпиадада катышуучулар 11 категория боюнча ат салышты. Сумо, роботтор жарышы, дрондордун таймашы, Голдберг кубогу, дрон-рейсинг, лайнфолловер, кегель ринг, майло чогултуу категорияларынан сырткары кыргыз улуттук оюндарын чагылдырган көк бөрү жана аркан тартыш боюнча дагы беттештер орун алды.
Ismart фестивалы 2014-жылдан 2019-жылга чейин үзгүлтүксүз өткөрүлүп келген. Пандемияга байланыштуу убактылуу токтотулган фестивалга жаш жеткинчектердин кызыгуусу жогору экендиги байкалды.
![](https://sapat.edu.kg/wp-content/uploads/2024/05/dsc_9373-1-684x1024.jpg)
![](https://sapat.edu.kg/wp-content/uploads/2024/05/dsc_9674-1-684x1024.jpg)
![](https://sapat.edu.kg/wp-content/uploads/2024/05/dsc_9689-1024x684.jpg)
![](https://sapat.edu.kg/wp-content/uploads/2024/05/dsc_9710-2-684x1024.jpg)
![](https://sapat.edu.kg/wp-content/uploads/2024/05/dsc_9739-1024x684.jpg)
![](https://sapat.edu.kg/wp-content/uploads/2024/05/dsc_9755-1024x684.jpg)
![](https://sapat.edu.kg/wp-content/uploads/2024/05/dsc_9772-1024x684.jpg)
![](https://sapat.edu.kg/wp-content/uploads/2024/05/dsc_9794-1024x684.jpg)
![](https://sapat.edu.kg/wp-content/uploads/2024/05/dsc_9804-1024x684.jpg)
0 Comments