11-12-май күндөрү биология боюнча Борбордук Азия олимпиадасы болуп өттү (CABO 2024). Олимпиадага жалпы 78 окуучу катышып, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары Кыргызстанга 1 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль алып келишти.
Улукбек Русланбеков Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицей, 8-класс, 1-орун;
Нурсултан Увалиев Х.Карасаев атындагы Каракол лицейи, 10-класс, 2-орун;
Байзак Карыпжанов Таластагы “Манас-Ата” лицейи, 2-орун;
Умар Эргешов Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи, 8-класс, 2-орун;
Омурбек Русланбеков Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицей, 10-класс, 3-орун;
Арсений Виноградов Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи, 11-класс, 3-орун;
Элхан Акимов Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи, 8-класс, 3-орун.
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси окуучуларына мындан ары дагы ийгиликтерди каалайт.
#sapat#sapatinternationalhighschools#сапат#сапатэларалыкбилимберүүмекемеси#cabo2024
![](https://sapat.edu.kg/wp-content/uploads/2024/06/photo_5400013603773471350_y-1024x1024.jpg)
![](https://sapat.edu.kg/wp-content/uploads/2024/06/photo_5400013603773471353_y-1024x768.jpg)
0 Comments